Ысык-Көл. "Мейкин Азия" фестивалынын биринчи күнү аяктады
Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда өтүп жаткан "Мейкин Азия" эл аралык фестивалынын биринчи күнү саат 00:00дө аяктады. Аталган фестивалга Орто Азия жана Европа өлкөлөрүнөн келген популярдуу ырчылар катышууда. Сынактын катышуучуларынын жаш курагы 18-35-жашка чейин болуусу шарт. 3 күнгө созулган фестивалдын катышуучулары 1-күнү өз эне тилинде, 2-күнү ар бир катышуучу эркин темада дүйнөлүк хит ырларды аткарышат. Ал эми акыркы күнү эч кандай кароо-сынак болбойт, калыстар тобу эки күндүн жыйынтыгын чыгарышып, соңунда гала концерт тартууланат.
Эн жакшы Ыссык-колдун жээгинде отуп,ар кайсыл мамлекеттен келген конокторду тосуп аткандары.
0
ХАНЗАДА
2013-07-19 10:47:54
Атылып кетти дечу беле азыркы тил менен айтканда. Техникалык мучулуштуктор биякта калсын, алпаруучулардын чыйкылдап, тантырап, англисче кыйратып айталбаганы окундурду. Ырас эл аралык деген сон сахнаны бажырайтып, бийиктетип жер менен жексен кылып койбой, алпаруучулардын кийим0кечек, аркы-берки созуно, дикциясына, суйлоо манерасына, акцентине деле карап койбойбу десен. Мен мисалы уялдым, анан да атактуу ырчылар келишти дейт. Биринин атагын уккан эмес экем. Биздин ырчылар баягыла сары-ойду созмой
0
moskva88
2013-07-19 11:21:01
ХАНЗАДА, сары ой сага жакпайбы
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.