1-январдан тартып Административдик кодекске 2017-жылы киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежелерин бузгандар, коомдук жайлардагы эреже бузуулар үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Эреже бузуулардын катарындагы түкүрүү үчүн 5500 сом айып салынышы эл арасында какшык аралаш нааразычылык жаратты.
Мас абалында унаа башкаргандарга 17 500 сом, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом, мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 000 сом. Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын көп болушу коррупцияга жол ачат дегендер жок эмес.
Мыйзам ишке киргени менен, анын иштөө механизми түшүндүрүлгөн жок жана бул жаатта иш системдик түрдө аткарылабы же жокпу белгисиз. Өлкөдө элдин өзүн алып жүрүүсүн көзөмөлдөөдөн мурун коррупция, балдарга карата зомбулук өңдүү орчундуу көйгөйлөр бар экени белгилүү.
Коомчулукта орун алган талкуулардан улам SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди. Ал айып пулду жогорулатуу үчүн алгач бийлик бир нече кадамдарды ишке ашырышы керектигин айтты.
“Адатта мындай чоң көлөмдөгү акча коомго салынып жатканда өкмөт биринчи кезекте инфраструктура түзөт. Экинчиден, коомго түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Үчүнчүдөн, ошол чогултулуп жаткан акчаны алуу, топтоо механизмдерин ачык аныктайт. Анткени азыр ошол акчаны алып жаткан милиция, соттун өкүлдөрү коррупциялашканын биз баарыбыз билебиз да. Мына ушулардын баарын жасап туруп, андан кийин ишке ашырса, бул туура эле идея болмок. Алардын баары жасалбай туруп, жөн гана акчасын көтөрүп коюп коомду ошол аркылуу тарбиялап, тартипке чакырабыз дешсе, анда бийлик, өкмөт жаңылышат. Ал сөзсүз элдин нааразычылыгына алып келет. Киргизилген айып пулдардын көпчүлүгү жакынкы убактарда элдин нааразычылыгы менен артка чакыртылып алынышы мүмкүн”, - деди Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты
Мирлан Бакиров, экс-депутат
Асия Сасыкбаева, саясат таануучу
Даниел Кадырбеков, укук коргоочулар
Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, жарандык активист
Адил Турдукулов, "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору
Тимур Шайхутдиновдун жообу бул
шилтемеде.