Жарандык активист Тимур Шайхутдинов: "Бийлик айып пулдардан пайдаланып, байыган кызматкерлерди жазалоого даяр экендигин көрсөтүшү керек"

1-январдан тартып Административдик кодекске 2017-жылы киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежелерин бузгандар, коомдук жайлардагы эреже бузуулар үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Эреже бузуулардын катарындагы түкүрүү үчүн 5500 сом айып салынышы эл арасында какшык аралаш нааразычылык жаратты.

Мас абалында унаа башкаргандарга 17 500 сом, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом, мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 000 сом. Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын көп болушу коррупцияга жол ачат дегендер жок эмес.

Мыйзам ишке киргени менен, анын иштөө механизми түшүндүрүлгөн жок жана бул жаатта иш системдик түрдө аткарылабы же жокпу белгисиз. Өлкөдө элдин өзүн алып жүрүүсүн көзөмөлдөөдөн мурун коррупция, балдарга карата зомбулук өңдүү орчундуу көйгөйлөр бар экени белгилүү.

Коомчулукта орун алган талкууларга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?" деген соболуна "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору Тимур Шайхутдинов жооп берди.

Ал кодекс ишке киргенден кийин бир жыл аралыгында депутаттар мыйзамдын кайсы нормалары иштеп жатканын, кайсылары иштебей жатканын талдап чыгышы керектигин айтты.
"Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн болгон айып пулдардын чоӊ суммасы коомчулукта талаш жаратууда. Жеке мени коррупциядагы тобокелдик тынчсыздандырат. Балким, айып пулдардын суммасы ашыра көтөрүлгөндүр жана жарандардын финансылык мүмкүнчүлүгүнө жооп бербестир. Экинчи тараптан, эреже бузгандык көзөмөлдөөсүз жана жазалоосуз калышы мүмкүн эмес. Биз азыр канчалык сындабайлы жаӊы нормалар иштеши жана өзүн көрсөтүшү керек. Кээ бир депутаттар 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаӊы кодекске оңдоо киргизүүнү сунуштоодо. Бул сунуш эртелик кылат жана укуктук баш аламандыкка алып келиши мүмкүн. Бир жылдын ичинде депутаттар мыйзамдын кайсы нормалары иштеп жана кандай иштегенин талдап чыгышы керек, андан кийин гана ага оңдоолорду киргизүүгө болот. Ошондуктан бардыгы азыр Жогорку Кеӊештин парламенттик көзөмөлдөөсүн натыйжалуу ишке ашырышына такалат. Андан тышкары мамлекет иш жүзүндө коррупция менен күрөшүү багытында экенин жана туруктуу негизде чоӊ айып пулдардан пайдаланып байыган шалаакы кызматкерлерди жазалай турганына даяр экендигин көрсөтүшү керек", - деди Тимур Шайхутдинов.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова жана жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан