Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.
Бүгүн, 9-январда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди. SUPER.KG порталынын "Бул Жогорку Кеңештин өлкөдө чечүүчү күч эместигинин, бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.
Анын айтымында, ырайымды күнөөсүн моюнуна алган адам сурайт.
"Ырайым кылуунун мыйзамда көрсөтүлгөн тартиби бар. Тартип боюнча мыйзамда жана президент бекиткен ырайым кылуу жободо көрсөтүлгөн. Жобого ылайык, абакта жаткан адам өзү ырайым суроосу керек. Текебаевге ырайым суроо өтүнүчү алгач Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жиберилет. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын макамында байкоочу комиссия бар. Байкоочу комиссиянын корутундусунда президенттин кол астындагы комиссияга жөнөтүлөт. Ал комиссия ишти чечип, президентке жөнөтөт. Бүгүнкү күнгө чейин бирөөнүн өтүнүчү менен эч ким ырайым алган эмес. Ар бир соттолгон киши өзү сурайт, тартип ошондой. Ырайым сурагандын негизги шарты күнөөсүн моюнуна алышы керек. Бирок бул жерде Текебаев күнөөлүү болбогондон кийин эмнеге ырайым сурашы керек?! Ырайымды күнөөлүү адам сурайт. Ырайым кылуу – бул мамлекет тараптан кылмышкерге кечирим кылуу. Өмүрбек Текебаевге карата сот процесси кандай жүргөнүн баарыбыз эле көрдүк. Ага саясий иштер аркылуу куугунтуктоо болду. Ошондуктан Текебаевдин көз карашы абдан туура. Текебаевдин иши кайрадан каралып, ал акталып чыгышы керек", - деди Сооронкулова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Марс Сариев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.