Юрист Нурбек Токтакунов: "Президент Текебаевге ырайым кылуудан өзү коркуп жатат"

Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.

Бүгүн, 9-январда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди. SUPER.KG порталы "Бул Жогорку Кеңештин өлкөдө чечүүчү күч эместигинин, бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?" деген соболуна юрист Нурбек Токтакунов жооп берди.

Ал бийлик Жогорку Кеңеш менен мурунтан эле эсептешпей калганын айтты.

"Бийликтин парламент менен эсептешпей турганы мурдатан эле белгилүү. Президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевди абактан чыгаруудан өзү коркуп жатат. Анткени Жээнбеков Текебаев чыкса ким менен иштеп кетери тууралуу билбейт. Ким билет, балким, Текебаев абактан чыгып, Атамбаев менен иштеп баштайт. Ошол себептен Сооронбай Жээнбеков коркконунан эмне кыларын билбей жатат. Ал эми Өмүрбек Чиркешович президенттен ырайым сурабай туура кылууда. Ал абакта эч кандай тартипти бузган жок. Ошондуктан Текебаевдин жазасын өтөө мөөнөтү деле аягына чыгып баратат", - деди Токтакунов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Марс Сариев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан