Депутат Исхак Масалиев: "Бир жагынан президент соттун ишине аралашпасын деген талап коюп жатабыз, экинчи жагынан соттун чечимин буз деп жатабыз"

Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.

Бүгүн, 9-январда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди.

SUPER.KG порталынын "Бул Жогорку Кеңештин өлкөдө чечүүчү күч эместигинин, бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?" деген соболуна депутат Исхак Масалиев жооп берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев да ырайым кылуунун өзүнүн жол жобосуна токтолду.

"Ырайым боюнча кайрылууга фракция жетекчилери кол коюшкан. Биз мындай чечимди кабыл алган эмеспиз. Демек, бул Жогорку Кеңештин кагазы эмес. Текебаевдин камалганын "мыйзамсыз, ошон үчүн бошот" дешсе, эгер президент бошоткон болсо, анда ал соттун чечими туура эместигин моюнга алган болот. Жогорку Кеңеш соттордун ишине аралаша албайт. Бирок кылмыш иши туура эмес козголгон болсо депутаттар Жогорку Сотко жазышса болмок. Менин оюмча, ырайым кылуу боюнча ден соолугуна байланыштуу, карып калды деген сыяктуу негиз көрсөтүлсө президент колдойт эле. Эгер президент "бул таза адам" деп чыкса, анда ал соттун чечимдерин тоготпогондук болуп калмак. Бир жагынан президент соттун ишине аралашпасын деген талап коюп жатабыз, экинчи жагынан соттун чечимин буз деп жатабыз. Ошол эле Текебаевдин камакта отурганы бирөөлөргө ыңгайлуу. Же аны колдоо, же эркиндикте жүргөн адамды колдоо эки башка нерсе да", - деди Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Марс Сариев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан