Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кирешелерди администрациялоо жаатында ишкерлерди колдоо маселесин карады.
Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик камсыздоо боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Тийиштүү токтомго премьер-министр кол койгон. Ал 2019-жылдын 15-январында күчүнө кирет.
Абылгазиев белгилегендей, бул чара ишкерлердин отчёт тапшыруусунда убактысын бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бир мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
"Мунун өзү бизнес менен алектенген юридикалык жана физикалык жактардын административдик жүктөмүн кыскартууга, салык, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча отчёт берүүдө жана камсыздандыруу полисин алууда убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Анткени муну бир мамлекеттик орган – Салык кызматы аркылуу ишке ашырса болот. Ошондой эле тийиштүү текшерүүлөрдүн саны азайтылат, себеби, аны салык кызматкерлери аткарат", - деди өкмөт башчы.