"Ош базарындагы" тротуарда соода кылгандар: "Соода орундарыбызды жаап, бизди кыйнап жатышат"

"Ош базарынын" аймагында баш аламан сооданы иретке келтирүү иштери бүгүн, 10-январда дагы улантылууда. Ленин райондук администрациясынын жетекчилери кечээ, 9-январда аталган жайга барып, Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде соода кылгандарга базардын ичине кирүүсүн талап кылып, соода орундарын алып салган. Бирок жашылча, мөмө-жемиш саткан соодагерлер базардын ичинде орундун тардыгынан соода кылууга мүмкүн эместигин айтышууда.

Алардын бири Гүлзат Майлубаева буга чейин тротуардагы соода орундары үчүн акча бербей келишкенин, эми аны төлөөгө макул экендигин айтты.

"Буга чейин соода кылган орундарыбыз үчүн таптакыр акча берген эмеспиз. Бирок тазалыкты сакташ үчүн айына 600 сом, кароолчуга 600 сом акы төлөп келгенбиз. Эми базардын ичине киргиле деп кыйнап жатышат. Базар ичиндеги соода орундарга берилчү ижара акыны төлөп берели, бирок тротуарда эле соода кылалы деп жатабыз. Анткени буга чейин ал жакка кирип соода кылып көргөнбүз. Бир соода орунду эки кишиге берип койгондуктан эч нерсе батыра албайсың. Үч күн отуруп 100 сомго соода кылдык. Бизди кыйнап жатышат", - деди Майлубаева.

Айрым соодагерлер базардан тапкан акча үй-бүлөнүн жалгыз киреше булагы болгондуктан эми насыяны, турак жайларынын ижара акыларын кантип төлөйбүз деп бушайман болушууда.

Ленин райондук администрациясы базарды иретке келтирүү үчүн мыйзамсыз соода орундарын жабуу толугу менен бүтмөйүнчө иш улана бере турганын билдирди.

Жыл башынан бери аталган базарда төрт ирет өрт кырсыгы катталып, бир канча соодагер ири чыгымга дуушар болгон. Мындан улам алар базардын сыртына чыгып соода кылууга аргасыз болушкан.

"Ош базарында" мыйзамсыз соода кылгандардын соода орундары алынды
"Ош базарындагы" тротуарда соода кылгандар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aikokul14
2019-01-10 11:52:51
Баары эле өзүн ойлоп көчөдө соода кыла берсе,качан тартип болот.Жол боюнда соода кылгандар болгон таштандынын баарын отурган ордуна таштай беришет,кетээрде жыйнап кетмей жок.
+13
aiba.8327
2019-01-10 12:03:22
Коробуз го Бир эле кун эртеси кайра эле таз кейпи.. Бирок порядок керек да туура калышат....
+10
Bazake
2019-01-10 12:12:44
Базардын ичинде месталар бош жатат, ошол жака кирип иштебейсинерби. Силерден ууланган товарларды алган эл да ууланып жатат. Тартип болушу керек.
+6
Bars88
2019-01-10 12:22:28
Жапсанар бир жолу жаппайсынарбы.Эртен эле кайра чыгып алышат жаба албасанар жон эле койгула.Басканга жол жок барсан баса албайсын
+7
Dembele84
2019-01-10 12:32:12
Орун таап берип киргизип койгула базардын ичине,жолдун боюнда соода жакшы болот деп баары ошол жака качышат.Ар ким каалаган жеринде соодо кыла берсе тартип болобу?
+3
aikokul14
2019-01-10 12:39:38
Оштун тротуарларындагы шашлык менен самсаканаларды качан алып салышаар экен?Кафени салышат дагы тандыр самсасын тротуарга чыгарып коюшат,текшерүү келсе оозу мурдуна тыгып "узатып" жиберишет.
+3
bond02
2019-01-10 13:17:51
Тротуар Кыргызстанда эмне, кимдер учун.
+2
faraon312
2019-01-11 00:29:41
Буларды жыйнабаса да болбой калды. Эл басалбай, машинелер өтө албай калды Киев-Кулиевадан..
0
faraon312
2019-01-11 00:35:15
Лакылдашат го тимеле! Шаарды балит кылып бүттүңөр! Жашооңорду милдет кылбагыла бирөөгө. Башкалар жыргаган жок. Башка бирөөлөргө жөө турганга да уруксат бербей орун талашып лакылдайсыңар. Эл бассын кенен тротуарда. Тазалансын!
-2
Zaina
2019-01-11 00:44:00
Туура, базардын ичинде эле соода кылсанар элдер да конот, эч ким тротуардан албай калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан