Бишкекте салынган веложол бир айга жетпей талкаланды

Түштүк магистралдын эки четине салынган веложол эмитен эле оңдоп-түзөөгө муктаж. Тагыраагы, жолдун четиндеги бордюрлар талкаланып баштаган.

Маалым болгондой, өткөн жылдын сентябрь айында Түштүк магистралдын эки четине жөө жүргүнчүлөргө жана велосипед тебүүгө арналган жолдун курулушу башталган. Жол декабрь айында бүтүп, колдонууга берилген. Бирок бир ай ичинде эле бордюрлар талкаланып калган. Бишкек шаардык мэриясы веложол жакынкы аралыкта оңдолорун, ремонт иштери "Золотая долина" ЖЧКсы тарабынан камсыздаларын маалымдады.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Токтоналиев жана Түштүк магистралдын кесилишине курула турган жаңы паркка көчмө жыйын өткөрүп, курулуш иштери менен таанышкан. Парктын аянты 17,36 гектарды түзөт. Бул жерде отургучтар, таштандыларды таштоочу челектер, балдар үчүн чакан аянтчалар, воркаут-аянтчалар, тротуарлар жана жарыктандыруучу объектилер орнотулат. Куруу иштери аба ырайына карап башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tular
2019-01-10 19:38:40
Бул мэр дагы кыйратпай калдыго, Курман ыраазы болсун деп...
+1
Mital.89
2019-01-10 20:17:30
Молодец ишинердин сапатына балли.
+2
nukura_jigit
2019-01-10 22:45:13
Ошто жакшы боюнча турат
0
Rifle_I
2019-01-11 12:06:59
Жаз чыкпай туруп ушундай абалга келсе, анда жазында кар менен кошо дагы эрип кетет бул жолдор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан