super.kg logo

Бүгүн Бекназаров, Дүйшөбаев, Келдибеков Атамбаевдин үстүнөн сотко кайра арыз берет

 

Бүгүн, 11-январда мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков "Апрель" телеканалынын жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн сотко кайра арыз берет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, арыз Бишкектин Октябрь райондук сотуна берилмекчи. "Буга чейин арыз толуктоо үчүн артка кайтарылган. Жактоочубуз бүгүн арызды кайра берет", - деди Бекназаров.

Алгач декабрдын аягында Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берген. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болгон. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(8)
11.01.2019. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 21:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+7
Дуйшобаев дегенин тааныбайм го берки экобу юбка кийип алса болот эле
11.01.2019. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:23
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дүйшөбаев да юбка кийчулордон
11.01.2019. 13:12 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
23-01-2019 21:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-2
Jango, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө жана коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
11.01.2019. 17:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
423
Катталган:
11-09-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 22:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ кечирип коюн бирок мен мен мынагы учооно айтарым бар.
Тынч эле тирилигинерди кылгылачы.коогалан чыгаргандан башка не кылдынар.элди кыйнагандан башка эчнерсе ойлобогон жемкорлор.дагы айтарым бар эле. Администрациядан коркуп атам.рахмат админ
11.01.2019. 17:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
20-01-2018
Соӊку аракети:
12-01-2019 12:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардын баарын Жээнбековтор отуруп алып кылып жатышат.
11.01.2019. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 20:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келдибеков менен Бекназаровго туура эле баа берген, Дуйшобаевди билбейм. Телевидениеге, газетага асылбай эле журушсо алар прямой эфирден корсотушту болгонун болгондой.
12.01.2019. 09:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
20-01-2019 18:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болсо да туура. Бул каналды жазалаш керек, ХХХХ мактап эле элдин баарын келесоо кыла берет.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-01-13 12:41:20
13.01.2019. 03:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
20-09-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 16:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевке бул дагы аздык кылат! Ал эми үчөө тең кимг кандай ойлойт өзүлөрүнүн ишиго. А менин үчөөнө көз карашым түз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121132;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: