Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Альянс-Бус" ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаидиге таянып, шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Айдоочулар ассоциациясынын төрагасынын айтымында, бүгүнкү күндөгү жол кире баасы 18 сом 60 тыйын болушу керек эле.
"Жол кире баасы 2012-жылдан бери өзгөргөн жок. Азыркы баа бекитилген учурда күйүүчү майдын баасы 30 сом эле. Бүгүнкү күндө күйүүчү май 45 сомго жетти. Бул факторду эске алганда, жол кире 18 сом 60 тыйынга жетиши керек эле. Бирок бул бааны шаардык мэрия бекитип бере албай тургандыгын түшүнүп турабыз. Биз жол киренин 12 сом болушуна да макулбуз. 15 сом болсо андан да жакшы болмок", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Николаиди жергиликтүү маалымат булактарында "айдоочулар нааразычылык акциясына чыгат" деген маалыматты четке каккан.
"Бул маалыматтарды кимдер таратып жаткандыгы мага белгисиз. Бизде эч кандай митинг уюштуруу тууралуу сөздөр болгон эмес. Албетте, бизде көйгөйлөр бар, бирок алардын баарын мыйзамдуу жол менен гана чечүүгө кызыкдарбыз", - деп билдирген Николаиди.