SUPER TV: Көк бөрүдө аттын астында калган улакчы жардамга муктаж

Чүйдүн көк бөрү боюнча чемпиондугунда аттан кулап, буту баспай калган Дастан Жакеев жардамга муктаж. Ал 2 айдан ашуун убакыт эс-учун билбей жатып, эми гана эсине келди. Дарылануудан кийин колу-буту кыймылдай баштаган. Алматы шаарында дарылануусунда жакшы жыйынтык болгону менен, каражаттын жетишсиздигинен азыр кайра Бишкекке келишкен.

Атасы уулу күлүп калганын айтып сүйүнсө, апасы уулунун айыгарына, таланттуу улакчылардын катарын толуктай турганына ишенерин айтып көзүнө жаш алды.

Учурда Дастандын дары-дармектерине көп суммадагы акча каражаты керек болууда. Жаш улакчы өзү сүйлөй албаса да, атасы Алишер Жакеев уулунун ден соолугу тууралуу айтып берди. Толугу менен видеодон көрүңүз.

Көк бөрүдө аттын астында калган улакчы жардамга муктаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sabirdinovich
2019-01-11 22:55:48
Кудайым шыпаасын берсин
+3
Meken28
2019-01-12 01:56:12
Ushul oiundun emne keregi bar ,,kyrgyzdar salt,dep ele je uluttuk oiun dep ele janyn aiabai juro berishet,den soolukkka zyian nerseni kylbash kerekpiz,,uluttuk oiun bolboi kara jerge kirbeibi,,
-1
bazar
2019-01-12 17:59:04
Meken28, сенин кыргыз экениңе күмөн бар. Кыргыздар ошол улуттук (көк бөрү) оюндары менен - КЫРГЫЗ. Мындай кырсыктар футболдо же башка бүгүнкү эл аралык белгилүү спорт оюндарында болуп эле келе жатат. Кырсык каш-кабактын ортосунда.
+1
take19
2019-01-12 20:59:14
Көк бөрүнүн эски эрежесин колдонсо жакшы болмок
Азыр аттын күчүнө салып урдура беришет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан