Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Бул көпүрө жараксыз абалга келген болчу. Кечээ, 11-январда курулуш иштери менен Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов таанышып кайтты. Көпүрөнүн узундугу 9 метр, кеңдиги 12 метр болот. Көпүрөнүн курулушун шаардык жолдор башкармалыгы көзөмөл кылып, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Калаа башчысы көпүрөнүн сапаттуу курулушуна көңүл буруларын билдирген", - деп айтылат маалыматта.