Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы православдардын мүрзөсү белгисиз адамдар тарабынан талкаланган. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар журналисттерге билдиришкен. Маалым болгондой, мүрзөнүн тосмосу, көрүстөндөгү эстеликтер, белгилер сындырылып, гүлдөрдү туш тарапка чачып кетишкен.
Айылдын жашоочулары мүрзөнүн мындай абалда жатканын кечээ, 11-январда кечке маал байкашкан.
"Маркумдар кимге тоскоолдук кыла алат? Бул кимге керек? Жергиликтүү тургундар абдан капаланып жатышат, мүрзөнүн талкаланышы аларды нес кылып койгон", - деп жазган социалдык тармактын колдонуучусу, журналист Надежда Усова.
Ал билдиргендей, тургундар укук коргоо органдарына жана айыл өкмөтүнө кайрылышкан. Азырынча бул ишке шектелип эч ким кармала элек.
Бүгүн, 12-январда айыл тургундары мүрзөнүн жанына топтолушту. Алар каза болгон адамдарга карата өтө жагымсыз жоруктарды жасагандар жазасыз калбашы керек деген талаптарын коюшууда.