Грузиянын жаңы президенти айлыгынан баш тартты
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили айлык акысынан баш тартат. Бул тууралуу ал мамлекет башчысы катары биринчи жолу берген маалымат жыйында айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, мамлекет башчысынын айлыгы инновацияны өнүктүрүү жана кайрымдуулук үчүн түзүлө турган фондго которулат. Зурабишвили ал фонд президенттик кызматка киришкенден кийин жоюлган президенттин резервдик фондунун ордуна түзүлө турганын билдирген. Жаңы түзүлгөн фонддогу каражаттын кайда жумшалышы көпчүлүктүн акылдашуусу менен чечилет жана ал тууралуу баардыгына маалыматтар берилип турат.
Ал эми өзү Францияда топтоп койгон акчасына жашай турганын айткан. Зурабишвили буга чейин 20 жыл өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү катары Францияда иштеген. Ал өткөн жылдын 16-декабрында расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.