Дилшат Кангелдиева жашабаган үйүнө электр энергиясы үчүн 4 миң сомдой акча чыкканын айтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Дилшат Кангелдиева "Түндүк электр" ишканасына нааразы. SUPER.KG сайты мунун себебин сураганда ал жашабаган үйүнө эле 3 миң 982 сомду көрсөткөн эсеп дүмүрчөгү келгенин айтты.

Айтымында, ырчы айым буга чейин үй-бүлөсү менен Сокулук районундагы Ак-Жол айылында жашап келген. Бирок өткөн жылдын октябрь айында ал үйүнөн башка жакка көчүп кеткен. Ошондон тартып аталган айылдагы үйүндө эч ким жашаган эмес.

"Биз ал жакта жашап жүргөндө үйдөгү электр энергиясын өчүрүп кетишти. Көрсө, электр энергия үчүн 5300 сом акча топтолуп калган экен. Биз барып бул каражатты толук төлөдүк да, дароо октябрь айында үйдү бекитип чыгып кеттик. Ошондон бери ал үй бош турат. Электр тогу менен иштей турган эч нерсе иштетилбейт.

Бирок бүгүн эсеп дүмүрчөгүн көрүп таң калып отурам. Мындай сумма кайдан чыкты? Негизи буга чейин күмөн санаган учурларым көп болду. Кээде 3 айга биригип 60 миң сом келген учурлар болгон. Бирок элге атың таанылып калгандан кийин майдачыл болбоюн деп унчукпай төлөп келчүмүн. Эмне үчүн мынчалык көп сумма чыгарына эч түшүнчү эмесмин. Кийин тажап, акылдуу эсептегич орноттук, бирок абал өзгөргөн жок.

Бул жолу мен баарын ушул бойдон таштап коё албайм. Иш күнү башталганда РЭСке барып, эмне себептен бул сумма келгенин түшүндүрүп берүүсүн талап кылам", - деп билдирди ал.

Бул боюнча SUPER.KG порталы ырчы нааразы болуп жаткан ишкананын жообун угуп, жарыялоого даяр.

Дилшат Кангелдиева жашабаган үйүнө электр энергиясы үчүн 4 миң сомдой акча чыкканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
ikitaidesu
2019-01-13 15:24:56
Эми ар кимдин өзүнүн иши гооо, бирок ошол бош үйдү жанагы контейнерде же урайын деп калган үйлөрдө жашап жүргөн адамдарга берип турса болбойбу? Бул абжебизге окшоп бош үйлөрдү басып жаткан байлар көп эле болуш керек Кыргызстан да.
-6
Kuttubek8483
2019-01-13 15:26:04
Эски карызы эле пенясы менен кобойуп кетиптир да. Расход жок болуп атпайбы. ХХХХХ деп эле текшербей чыгара берешет.
+3
Muratmipa
2019-01-13 20:10:32
Kuttubek8483,эже мектепте окуган эмес окшойт показаниясын корсо болотко
0
Nursbaike
2019-01-13 15:46:38
Туура тушунуктуу эле кымбат келип калат тооба
+2
Azatbek.Svoboda.
2019-01-13 17:43:14
Светти кымбат кылды деп Бакиевди кууган бийлик азыр ачык эле светтин баасын которбосо болбойт деп айтып эле которуп жатышат!Светти бир азттыйын кошуп котором дегенди кууп чыгышты. Азыр он эсе которуп койду! Ак уйду жаап эле салыш керек пайдасынан зыяндары коп ал жерди детсад же мектеп же университет болбосом тарых музей кылып койушсун. Президент резиденциясына иштей турган жети министр он торт депутат алып калып пример менен калгандарын сокращение кылып салса жакшы эле болмок эл колдомок!!!
+9
Parish
2019-01-13 17:53:45
Рас кыргызстандын ГЭС инен берилип жаткан электр тогу озубузго арзандатылып берилиши керек эле.Ал эми коншу мамлекеттерге кымбаттатып койсо болот да.качанга чейин карапайым элди кыйнайсынаар????
+3
dastan_nookat
2019-01-13 19:10:22
Тундук электр ишканасынан жооп алып берсениздер
+1
Azatbek.Svoboda.
2019-01-13 21:41:07
dastan_nookat,алар жыргатабы жалганды шыбап биз билбейбиз анализдеп кийин айтабыз мы шоке деп кутулушат ана сага жооп!
+3
admin_media
2019-01-14 08:56:14
dastan_nookat, саламатсызбы! Суроо-сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
altyn7776
2019-01-13 19:57:55
Карызы бар турбайбы, туум да эсептелип турат. Айгай салбай биринчи барып текшертпейби, эми барганы атам деп реклама кылбай...
+1
Ma9
2019-01-13 22:05:40
Кимдер биро ушул маселени которбосо айлыка кун коруп жашаган элдерге кыйын эле 4000мин деп келет бир айлык эле озу 7000мин айлык алсак жок дегенде кышта арзандатып берсе болот эле
+5
DNurgiza
2019-01-14 00:03:30
БАлким счет келгенге чейин жашады ды, показ.ны жазып, РЭСке барып ошол күнгө чейинкисин да төлөп кетиши керек эле, контролерлор график боюнча иш алып барат, пок.снимать эткенче көчүп кеткен да демек.
А баа боюнча чын эле өтө кымбат, жалаң энергия менен отургандар үчүн.
+2
trabzon11
2019-01-14 00:54:25
Киловатын эсептебейби.
+2
Muratmipa
2019-01-14 12:25:47
trabzon11,эсептегенге мееси жетпейт
0
nurkojo
2019-01-14 05:56:08
2 айга токконбуз, ноябрь декабрга 300сом, октябрдын 28нен декабрдын 12не чейин 115 сом деп келиптир, 3-январь куну!
0
Ayida
2019-01-14 08:47:57
Свет 4000 мин деп келет биринчи угушум эжебизге 60мин 3 айга толодум дейтго?Мен 60 минди 6 жылга да толобоймунго?Калп эмесби?Бирок светке силер кумон кылсанар мен ыссык сууга кумон кылып жатам.Счётчик бар бирок ыссык суу иштетпесем деле бир калыпта келет акчасы .
+1
Borkosh
2019-01-14 09:27:35
Бул квитанцияда мурдагы айлардын карызы жазылып турат. Пенянын колому да чон экен коптон бери толоно элек го
+1
Eli.91
2019-01-14 09:33:52
Менин байкемеда ушундай келген ал бир жыл уюндо жашабай Женем экоо рассияга кетип калган бирок алар келгенден кийин байкеме 25 мин сомдой келген учечигинер айланып калган деп мойнуна басып коюп айла жок тологон светчинин устунон арыз таштаган агада карабай иштеп журот азыр корсо кучтуу тааныштары бар экен ал аялдын.
+1
jypara1415
2019-01-14 15:39:05
баарыле кымбаттап которулуп атат деги айлыктан кабар жокко ((( не деген малекетте жашап жатабыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан