ЖЫЛНААМА, 14-ЯНВАРЬ: Жеке ишкер Табылды Эгембердиевдин көзү тирүү болгондо 68 жашка чыкмак

Жеке ишкер Табылды Эгембердиев 1951-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Жумгал айылында туулган.

1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктаган.

1992-жылы "Шоро" жабык акционердик коомун негиздеген жана алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү ишин жайылткан.

2011-жылы Бишкектин чет жагында "Супара" этнографиялык комплексин түзгөн.

2011-жылдан тартып Ордо федерациясынын президенти болуп иштеген. Базар экономикасынын шарттарындагы жемиштүү эмгеги үчүн "Даңк" медалына ээ болгон.

Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ишкерди жерге берүү зыйнаты "Супара" этно-комплексинде 19-май күнү болуп өткөн.

14-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан