КҮНСЕРЕП: Жээнбеков журт атасы боло албасын көрсөтүүдө

Бүгүн, 14-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

"Мекенчил" партиясынын айрым мүчөлөрү аталган партиянын лидери Садыр Жапаровго президенттен ырайым суроого үндөп кайрылышты. Алар Жапаровго эркиндикке чыгып алып анан адилеттик үчүн күрөшүүнү сунуштоодо.

Мындай кайрылуу Жапаровдун тарапташтарынын мисалында коомдо Сооронбай Жээнбеков жетектеген бийлик адилеттүүлүк орнотот деген үмүттүн өчкөнүнөн кабар берет. Элдин ырыскысын элге кайтарам деп өлкөдөгү ири коррупциялык систем менен күрөшүп, 2017-жылы темир тор күтүп турганына, "келбей тур, камаласыӊ" деген эскертүүлөргө карабай чет өлкөдөн Кыргыз жерине кайтып келген, аягында 11 жыл 6 айга соттолуп кеткен Садыр Жапаров ырайым сурайт деп күтүү мүмкүн эмес. Сот териштирүүсүндөгү акыркы сөзүндө Садыр Жапаровдун "мен кылмыш кылганым үчүн эмес, "Кумтөр" маселесин көтөрүп чыкканым үчүн темир тор артында отурам. Мен сотуӊардан коркпойм, тескерисинче, сот тарыхтан коркушу керек" деген сөзү көпчүлүктүн эсинде. Ырайым суроо, демек, коюлган айыпты моюнга алуу. Буга чейин 8 жылга соттолгон Өмүрбек Текебаев боштондукка чыгыш үчүн айыпты моюнга алып президенттен ырайым сурабай турганын жарыя кылган. Садыр Жапаровдон деле ушундай эле жоопту күтүүгө болот.

Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Бектур Асанов өңдүү саясатчылар Сооронбай Жээнбеков мүчөсү болгон бийликтеги топтун күрөшүндө ар кандай иштердин шылтоосунда, көбүнчөсү айыптары далилденбей туруп соттолуп кетишти. Өлкө башчысы өз кайрылууларында өзүн “мен - жалпы эл шайлаган президентмин” деп көп атайт. Бирок коомчулуктун, ЖМКлардын саясий негизде камалган саясатчылар боюнча өтүнүч, талаптарына “өздөрү суранышсын, анан бошотом” деген жооп менен кутулууда. Башкача айтканда, Сооронбай Жээнбеков - жалпы элдин президенти катары эмес, бийликте болгон бир ууч топтун кызыкчылыгындагы фигура боюнча калганын, жалпы журттун атасы боло албасын көрсөтүүдө...

Кыргыз эли ден соолукка залалдуу тамактанган элдердин сап башында.

Германиялык окумуштуулар Европа жана Азия өлкөлөрү боюнча ден соолукка залалдуу, туура эмес тамактангандарга карата изилдөө жүргүзүшкөн. Туура эмес тамактануу ашыкча семирүүгө, мындан улам жүрөк-кан тамыр ооруларына жана кан басымдын жогорулашына алып келет. Бул көрүнүштөр адам өлүмү менен да аяктаары белгиленет. Туура эмес тамактануу – туздуу, майлуу, куурулган тамактарды көп жеп, ал эми жашылча-жемиштерди аз пайдалануу. Изилдөө натыйжасында 1-орунга Өзбекстан, 2-орунга Түркмөнстан, 3-орунга Кыргыз өлкөсү жайгашты. Мисалы, Өзбекстанда 100 миң адамдын ичинен 394ү туура эмес тамактануунун кесепетинен көз жумары айтылса, бул көрсөткүч Түркмөнстанда 376, Кыргызда 350 адамды түзөт. Кыргыздын тамак-аш рационунда эт, майлуу азыктар көптүк кылары белгилүү. Бул көрүнүштү адистер сындап, андан арылууну сунуштап да келе жатышат. Бирок жашылчадан жасалган салатты, жер-жемишти Кыргыздын көпчүлүгү негизги тамак деп санабайт. Катар-катар жылкы союп той өткөрүү, ресторанда 5-6 саат тынбай тамактануу ден соолукка гана эмес, капчыкка да оорчулук келтирүүдө. Чет жерде мигранттар кыйналып таап жөнөткөн акча той-аштан артпай жатат. Жылдап иштеп, тапкан акчасын 1 күндө тойго чачуу да кыргыз элин өнүктүрбөй, бутуна тушоо болуп жаткан залалдуу адаттардын бири.

Ушундай иликтөөлөрдөн улам коомдун кайсы бир катмары туура жыйынтыкка келип, тойлордогу артыкбаш чыгымдардан баш тартып, туура тамактанып, убакытты, каражатты өнүгүүгө жумшоого умтулар...

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория куруу үчүн Бишкектин четинен жер тилкесин бөлүү маселеси каралды. Чиновниктер ушул лаборатория курулса эле Кыргыздын өндүргөн азык-түлүгүн экспорттоого жол ачылат деп ишендиришти. Лаборатория 18 миллион долларга, Кытайдан алынчу гранттын эсебинен курулат. Ал үчүн Бишкектен "Манас" аэропортуна бараткан жолдун боюнан 3 гектар сугат жер бөлүнүүдө. Өлкөдө 2009-жылы сугат жерлерди курулуш жүргүзүү үчүн трансформациялоого тыюу салынган. Бирок аталган лаборатория үчүн мыйзамдын талабын аттап өтүүгө парламент уруксат берүүдө.

2015-жылы Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык союзга кирип жатканда Кыргыз чиновниктери өлкө ЕАЭБге кирсе эле 170 миллиондук рынокко жол ачыларын айтышкан. 3 жылдан ашты, экспорт дүркүрөп өсүп кеткен жок. Кыргыз дыйкандары өндүргөн азык-түлүк Казакстандын, Орусиянын чегинен өткөрүлбөй кайтарылган учурлар тез-тез катталууда. Мисалы, быйыл дыйкандар өндүргөн картошкасын сата албай убара тартышты. Айыл чарба министри Нурбек Мурашев "базар ушундай экен эмне кылайын?" деп алакан жаюуда. Бул өлкө ЕАЭБге даярдыксыз кирип алганынын, улуттук кызыкчылык жетиштүү корголбой жатканынын белгиси. Керектүү лабораторияларды, логистикалык борборлорду куруп, дыйкандарга, фермерлерге шарт түзгөн биримдикке кирүүгө болбос беле? Өлкө экспортту жолго коюу маселесин ЕАЭБдин алкагында 3 жыл жашагандан кийин ойлонууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан