Шаардык прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты
Шаардык прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
Анын айтымында, алгач шаардык прокуратурадан 2018-жылдын 16-ноябрында "ишти кароого негиз жок" деп райондук прокуратура туура эмес чечим кабыл алыптыр" деген жооп келген.
"Кийин райондук прокуратура 2018-жылдын 3-декабрында ишти кайра кароого негиз жок деп кайра чечим чыгарган. Эми шаардык сот биринчи чечимине өзү каршы чыгып, райондук прокуратуранын декабрдагы чечимин колдоп жатат. 2019-жылдын 3-январында мага "Садыр Жапаровдун ишин кайра кароого негиз жок, райондук прокуратуранын чечими туура болгон" деген жооп жөнөтүштү", - деди жактоочу.
Токтосунов эми Башкы прокуратурага кайрыла турганын айтты.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1-колонияда жазасын өтөп жатат.