Белгилүү улакчы Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы 11-январда аукционго коюлганы маалымдалган. Аукциондон түшкөн каражат Чүйдүн көк бөрү боюнча чемпиондугунда аттан кулап, катуу жаракат алган Дастан Жакеевдин дарылануусуна берилет. Аукциондун баштапкы баасы 2 миң сомдон башталган.
Ал эми бүгүн белгилүү болгондой, Ниязов кийген форманын аукциондогу баасы 77 миң сомго жеткени маалым болду. Бул тууралуу улакчынын өзүнө байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду.
"Бүгүн форманын баасы 77 миңге чыкканын уктум. Чындыгында бул идеяны ишке ашырып жатканда баасы мынчалыкка көтөрүлөт деп күткөн эмесмин. Аукцион 19-январда токтотулат. Эгерде бул баа 2 күндүн ичинде дагы көтөрүлбөсө ушул баага сатылат", - дейт Ниязов.