Январдан тарта 10го чукул мыйзам, кодекстер күчүнө кирди. Мындай пикирин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, кодекстер күчүнө киргенге чейин тийиштүү иш-мерчемдердин баары аткарылды.
"1-январга чейин даярдык көрдүк. Буга чейин укук коргоо органдарында абал өтө начар эле. Бирдиктүү реестерди түзүүгө 6 орган катышат. Башкармалыктардын баарын техникалык жактан камсыздадык. Кадр маселесин карап чыктык. Бузуулар жөнүндөгү бирдиктүү реестерди ИИМ көзөмөлдөйт, кылмыштар боюнча бирдиктүү реестерди Башкы прокуратура карайт", - деди Разаков.
Ошону менен бирге соттук-укуктук реформаны иштеп чыккан адистер программанын аткарылышына 7 жыл убакыт керек деп белгилешкенин кошумчалады.
"7 жылда тийиштүү талаптар менен ишке ашат. Буга 3 миллиард 400 миллион сом керектелет деген божомол болууда. 2019-жылда аткарыла турган иштерге 744 миллион сом бюджеттен бөлүндү. Жумуш жүрүп жатат", - деди Разаков.