Кытайда Айдын аркы бетине пахта өстүрүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.
Бул жакта пахтанын өсүшү бүткүл адамзаттын тарыхындагы биринчи биологиялык экперимент экендиги белгилүү.
Ошондой эле алар пахтадан сырткары Айга картошканын уругу жана бир канча өсүмдүктөрдү өстүрүүнү пландап жатышкандыгы маалым болду. "Чанъэ-4" аппараты 2018-жылдын 8-декабрында Кытайдын түштүк-батыш тарабындагы Сичан космодромунан Айдын аркы бетин иликтөө үчүн учурулган. Ал эми 3-январда "Чанъэ-4" аппараты ийгиликтүү Айга конгону маалым болгон.