Эл өкүлдөрү "Туризм жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алышкан жок

Өкмөттүн 2018-жылдын 22-октябрындагы №501 токтому менен жактырылган "Туризм жөнүндө" мыйзам долбоору тармактык комитетте биринчи окууда артка кайтарылды.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында туризм тармагы талкууланып, тийиштүү мыйзам долбоору тааныштырылды. Бирок эл өкүлдөрү мыйзам чийки жазылганын, жалпы маалыматтар эле берилип калганын айтып, туризм департаментинин директору Дамир Максат уулун сынга алышты.

Демилгечилер депутаттардан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алып берүүнү суранышты. "Экинчи окууга чейин керектүү маалыматтарды кошуп, толуктайбыз", - деп суранды вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова. Тармактык комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров өкмөт мүчөлөрү ар дайым ушул сыяктуу катачылыктарга жол берип жатканын айтып, "биринчи окууга 100 пайыз даяр келишиңер керек" деп эскертти.

Депутат Искендер Гаипкуловдун сунушу менен аталган мыйзам долбоору биринчи окууда артка кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан