Өзбекстанда 14-январдан тарта Facebook, YouTube жана ВКонтакте социалдык түйүндөрү кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, аталган социалдык түйүндөр 2018-жылдын сентябрь, октябрь айларынан баштап иштебей калган. Ошол эле жылдын 10-октябрында Өзбекстан 225 YouTube`дагы фильмди көрүүгө таптакыр тыюу салган.
Учурда буга чейин Өзбекстанда тыюу салынган социалдык түйүндөр VPN-тиркемесиз жана прокси-серверлерсиз иштеп жатат.
Бул түйүндөргө эч кандай кыйынчылыгы жок ээн-эркин кирип жатышканын интернет колдонуучулары айтышууда.
Интернет колдонуучулары муну Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин 20-22-январдагы Германияга бара турган сапары менен байланыштырышууда.