Бир таңда үй-бүлөсүнөн айрылып, бүтүндөй Кыргыздын уулуна айланган Жакшылык...

Бүгүн, 16-январь. 39 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгына 2 жыл болду. Мындай кайгылуу кырсыкта бир үй-бүлөдөн жалгыз калган Жакшылык учурда 2-класста окуп жатат. Ал өзү окуп жаткан "Сапат" билим берүү мектебинин алдыңкы окуучуларынын бири. Каратэ, футбол, шахмат, математика боюнча ийримдерге да катышканын билдирген.

Учак кыйраган күнү Жакшылыктын ата-энеси жана 2 карындашы каза болуп калган. Ошентип 7 жаштагы өспүрүм чоң ата, чоң энесинин колунда калган. Кечээ, 15-январда президент бул кырсыкта жакындарын жоготкон балдар менен жолугушкан. Андагы Жакшылыктын сүрөтү интернетке тарап, коомчулук ага карата аруу тилектерин айтып жатышат. Интернеттин Нурболот Азаматов аттуу колдонуучусу ага арнап төмөнкүдөй ыр саптарын жазып жарыялады.

Сабакка узаткан ата-энең
Сабактан тосуп алган жок.
Ызага муунуп сен менен,
Элиңде көз жаш калган жок...

Кимде-ким учурса учагын,
Жамандык кең ачар кучагын.
Салмагы кудум жүгүндөй
Оор күндөр жаяр тузагын...

Күйүтүң жай бербес, Жакшылык,
Алганга жүрөгүн таш кылып.
Унутпа ар убак кыргызың,
Жаныңда Кудайды баш кылып...

Мындан туура 2 жыл мурун дал ушул күндүн таңы кыргыз эли үчүн каргашалуу, кандуу окуя менен аткан. Анда "Манас" эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан аймакка учак кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылып, 16 адам жабыркаган. Кырсыкка кабылган Боинг 747-400F учагы Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп бара жатып, күйүүчү май куюу үчүн Бишкекке конмок болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
33SUUN
2019-01-16 11:27:52
Кудайым сага бактылуу омур берсин.Бешене жазылганы ушул экенда .Журокту ыйлаттыго ойлуу олтурганын Кыргыздын жигити.
+14
talaa11
2019-01-16 11:37:22
Козумдон жашым агып Кетти,кусалыгы жузунон корунуп турат эч Бир Адам жакындарынан айрылбасынчы
+13
Nevestkaa
2019-01-16 11:43:52
Алтындан үй салып берсеңер да ата-энесинин ордун эч нерсе мн толтура албайсыңар.Байкушум мынча ойлуу отурасын,ойлонбо баары жакшы болот камкор жараткан сени мн болсун.Убакыт даарылайт дейбиз аргасыздан ....Өмүрүңдүн акырына чейин жамандык көрбөсөң экен балапаным.
+11
ekaterinburg
2019-01-16 12:05:19
Эх,муунун бошойт...Сен да эр жетип элиндин намысын коргогон,эл сыймыктанган инсан болоорсун буюрса!Омурлуу бол айланайын!
+9
Eli.91
2019-01-16 12:14:49
Бечара сагынып саргарып кутуп жаткандырсын апамдар качан кирип келет экеен деп.Тушунбойда калдын эмне болуп кеткенин.Бирок омур бою ошол кун журогундо сакталып калатда аттин келсен эле уйунда жок ата-апан Жана карындаштарында жоок тушунбойда калдында байкушум.Энен апандай караганы менен апан Берген мээримди коро албайсын алтыным десе.Баламдын туяк калды деп Энен байкушта канаттууга кактырбай тумшуктууга чоктурбай канатында калкалайт эми.Ата-апанын жандары Жаннатта болсун аминь!
+16
Umakg
2019-01-16 13:10:36
Козго жаш толдуго эч бир бала Ата энесиз чонойбосунчу
+7
Nuri1988Elim2010
2019-01-16 13:53:10
Кичине болсода чон адамдай коздорундо мун кусалык байкалып турат.Омурун узун берекелуу болсун балапаным.Ии карап туруп ичин ачышат.
+10
bessmertiy
2019-01-16 14:11:22
Ыйлап ийдим го. Жакшылык, өмүрүң узун, келечегиң кең, эл керегине жараган эр-жигит бол!
+11
Aima94
2019-01-16 14:54:47
Эй жаным го. Аллах ден соолук, бакыт берсин. Бул кырсык да. Чоон кишидей тим эле. Кудай сактасын бөөдө кырсыктан сени.
+4
tilek-x
2019-01-16 15:13:58
Ээх жүрөк ыйлайтко көзүңдөгү кусаалыкты көрүп!
+6
Ramina-malina
2019-01-16 15:26:17
Алтыным бактылуу болчу,суротунду коруп аябай ыйладым,коздорун мундуу,ата-эненди сагынып кутуп жатканын байкалып турат(((
+3
Zaina
2019-01-17 01:37:58
Суроттон да коменттер ашып тушуп ыйлатты го
+2
Benazir08
2019-01-17 02:42:38
Ушул баланын тагдыры жашоосу кандай отуп жатат экен деп утуру эстеп коем админден да суранган элем эми насип этип бүгүн окуп жатам элдин уулу Жакшылык элди баккан уул болсун келечекте
+3
bermet104
2019-01-17 14:20:17
Ыйлабай, көзүңдөн жаш акпай көрүүгө мүмкүн эмес экен бул сүрөттөрдү. Жашоону эми түшүнүп баштаган кезде чоң жоготууга учурады. Мындан аркы жашоосу жакшы уланса экен эми!
+2
barakcha
2019-01-17 19:52:02
Эээх....Журок ооруйт...(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан