18 жаштагы Бектур Молдалиев белгилүү жылдыздарды мультфильмдеги каармандарга айлантып, алардын алкоосуна татып келет. Ал ырчылар менен кантип тааныш болуп калгандыгы, алгачкы эмгектери жана ийгиликтери тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Негизи сүрөт тартууга кичине кезимден бери эле кызыгам. Мектепте окуп жүргөндө Художник деген лакап атым бар болчу. Буга чейин ар кандай темадагы сүрөттөрдү тартсам, 2017-жылдан баштап мультфильмдеги каармандарды тартууга болгон кызыгуум күч ала баштады. Негизи эле "Симпсондор" мультфильмин жакшы көргөндүктөн адамдарды андагы каармандарга окшоштуруп тартып баштадым. Башында тааныштарымдын буюртмасын алып, 5-6 күндө тартып бүтүрчүмүн. Кийинчерээк шоу-бизнестин өкүлдөрүн тарта баштадым. Алардын арасында чет өлкөлүк жылдыздар Мот, L'One, Егор Крид, Кан жана башкалар бар", - дейт ал.
"Учурда Симпсондорго окшотуруп тарткан сүрөттөрүмө кызыгуулар көп болуп жатат. Тактап айтканда, АКШ, Орусия, Украина, Германия жана Индия өлкөлөрүнөн тапшырыктар келип жатат. Келечекте ушул сүрөттөрүмдү жаңы, жогорку деңгээлге чыгаргым келет", - деди Бектур алдыга койгон максаттары тууралуу.
Ошондой эле Бектурдун кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрүн дагы "Симпсондор" мультфильминдеги каармандарга салыштырып тарткан эмгектери бар. Алар рэп ырчысы Баястан, ырчы Айым Айылчиева, Максат Садырбеков жана анын сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиева, ырчы Чолпон Талипбек жана башкалар.