"National Geographic" басылмасы 2008-жылы тартылган кыргыз кызынын сүрөтүн жарыялады

Америкалык "National Geographic" басылмасы социалдык тармактагы баракчасына автобуста бара жаткан кыргыз кызынын сүрөтүн жарыялады. Аталган сүрөттү фотограф Уилльям Дэниелс 2008-жылы Ошто жүргөндө тартып алганын чет элдик басылмалар жазып чыккан. Бул сүрөт 25-январда Парижде өтө турган көргөзмөгө коюлат.

Жогорудагы сүрөттүн алдына:

"Бул айым Кыргыз өлкөсүнүн түштүк жагындагы эң ири шаарлардын бири болгон Оштогу автобустардын биринде кетип бара жатат. Ал СССР кулагандан кийин кыргыздар менен өзбектердин ортосунда улут аралык араздашууну жана бир нече толкунду башынан өткөргөн", - деп жазылган.

Кыргыз кызынын бул сүрөтү басылманын жеке баракчасында 70 миңден ашуун "жакты" белгисин топтогон жана анын алдына 300гө жакын билдирүү жазылган. Аталган басылманын 100 миллионго жакын катталуучусу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gupa
2019-01-16 11:08:49
Бул эже ким болду экен, а? )) Азыр өзүн көрүп тааныды бекен?
+1
bond02
2019-01-16 11:34:05
Пробкада турганда суротко тартып алган окшойт, кыз капалуу го.
0
Flowhive
2019-01-16 12:00:27
Европа көз карашы башка да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан