Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.
Анда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.
Назаров баяндамасында кыргыз-кытай өкмөтүнүн макулдашуусун ишке ашыруу максатында гранттык жардам берүү менен ветеринардык, фитосанитардык лабораторияларды куруу жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо маселеси каралганын айтты.
"Макулдашуу долбоорунда лаборатория курууга Кытай тарабынан жалпы суммасы 650 миллион юань бөлүнөрү белгиленген. Муну менен ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу менен эл аралык талаптарга ылайыкташтырылат. Ошондой эле айыл чарба продукциясын сертификациялоо көйгөйү чечилип, ата мекендик продукциялардын, экспорттун потенциалын жогорулатууга шарт түзүлөт", - деди эл өкүлү.
Маалыматка караганда, лаборатория курууга 3 гектар жер тилкеси керек болот. Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.