Дүйнө жүзүндө кеңири тараган эки кесип жок болуп кетүү коркунучунда экени айтылууда

Дүйнө жүзүндө кеңири тараган 2 кесип жок болуп кетүү коркунучунда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар "Singularity University" компаниясынын башчысы Евгений Кузнецовдун сөзүнө таянып жазып чыгышкан.

Евгений Кузнецов жакынкы 5-10 жылдын ичинде сатуучулук жана айдоочулук кесиптер жоголот деп билдирген. Ал мындай пикирин "Культура" телеканалынын берүүсүндө айткан. Ал сатуучулук жана айдоочулук кесиптерди роботтор тез өздөштүрүп кете аларын билдирген. Мындан улам 10 жыл аралыгында бул кесиптер толугу менен роботторго өтүп, көп адамдар ишсиз калат деген оюн айткан.

Буга чейин Англиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматы медицинага роботтордун жөндөмдүүлүгүн медицинада текшерип көрүү үчүн массалык эксперимент жасай баштаган. Бул эксперименттин алкагында дарыгерлердин ордун робот дарыгерлер менен алмаштыруу пландалып жатканын батыш маалымат булактары жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nemo2016
2019-01-16 16:18:44
Ошондо робот сатып алабызда таксист робот дарыгер робот
-3
warcaw
2019-01-16 16:28:57
Бизге бул роботтор жок эле жумуш жок буларга бышырып коюптурбу
+21
Farra16gsin
2019-01-16 16:48:28
Ошондой болоору чынго кассирдин деле ролун банкомат терминалдар ээлеп калбадыбы мага бир робот керек эле өзүм жетишпеген жумуштарды жазатканга
+4
i1urp
2019-01-16 17:04:50
Роботтор акча, айлык, пенсия, отпукс сурабайт. Жон гана иштей берет. Ошон учун чон компаниялар заводтор, роботторду сатып ала башташат. Бара бара тигуучулук кесипти да роботтор кыла башташат.
+2
Aidar.001
2019-01-16 17:27:28
Ошондо мен азыр роботтун ордунда иштеп журот экемин даааааааа, ааааа десе! !
+4
Дарыгер
2019-01-16 21:37:49
Жакынкы 10 жылда точно алмашпайт. жакынкы 40-50 жылда алмашса что прогресс. Роботторго ылайыктуу инфраструктура тузуу керек. Бул оно эмес чыгым
+2
nursiyanur
2019-01-16 23:38:40
Бул Бизге тиешеси жок бизге олбоду дегенде 50 жылда келет
+4
kg_salim
2019-01-17 00:45:03
Роботторду сатып алгандар бизде банкрот болушат, роботтору ишсиз болуп иш таппай. Робот эмес озубузго иш жок бизде. Элестеткиле Бишкекте Лев Толстой кочосундо биржада роботтор турат деп кой,
+1
Zaina
2019-01-17 01:33:28
Япония, Америкада болушу мумкун. Уже кээ бир магазиндерде сатуучу деген нерсе жок, бут терминалдар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан