Юрист Канатбек Азиз: “Кодекстерден дагы көп катачылыктар чыгат”

2017-жылга чейин кабыл алынган жаңы кодекстер ушул жылдын башынан тарта күчүнө кирди. Бирок бул нормалар коомчулуктун сынына кабылууда. Коомдук жайда түкүргөндөрдү 5500 сомго айыпка жыгуу талабы жарандарды кыжырлантып, өкмөттүн дарегине нааразычылыктарды туудурду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "түкүрүк мыйзамын" кайра карап чыгыш керек десе, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "туура эмес норма кирип калыптыр" деп айып пулду 5500 сомдон 1000 сомго түшүрүү каралып жатканын айтты.

SUPER.KG порталынын "Өкмөт "туура эмес норма экен" деп түкүрүккө салынчу айып пулду 5 эсе азайтууну чечти. Бул абылгазиевдик өкмөттүн жыл башынан күчүнө кирери белгилүү болгон кодекстер менен таанышып чыкпаганынан кабар береби?" деген соболуна юрист Канатбек Азиз жооп берди.

Ал мындай реформага эл даяр эместигин айтты.

“Тилекке каршы, эрте баштап алдык. Коом сот реформасына да, жаңы кодекстерге да даяр эмес болчу. Дагы көп катачылыктар чыгат. Бул кодекстер Атамбаевдин тушунда кабыл алынган. Жадакалса өзгөрбөсүн деген мораторий дагы бар болчу. Кодекстер ишке киргенде эл кыйналды, өкмөт да туура эмес кылганын моюнуна алды. Мыйзамдарды парламент кабыл алган. Өкмөт аткаруучу - бул кодекстерди укук коргоо органдарынын адамдары эмес, теоретиктер кабыл алган. Элдин пикири эске алынган эмес. 50-60 миң сом айлык болсо 5 миң сом айып төлөсөк жарашат. А бизде маянабыз 10-15 миң сом да. Кодекстер шашылыш кабыл алынган. Азыр өкмөт элди дүрбөтпөй, айып пулду азайтабыз деп туура эле кылды”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, экс-депутат Камчыбек Ташиев, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, Ак Үйдүн алдына барып түкүргөн Рамис Закирияевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан