Депутат Сагындык Келдибаев ипотекалык насыяны 4 пайызга түшүрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ипотекалык насыялар 8-9 пайыз менен берилип жатат. Эл үчүн аябай оор. Ошондуктан 4 пайызга түшүрүү керек. Өкмөткө ипотекалык насыяны 4 пайызга түшүрүү боюнча кандай программалары, сунуштары бар. Сунуштар жок болсо, бизде бар. Ушуну тез арада иштеп чыгуу керек. Же болбосо чогуу иштеп чыгалы", - деди депутат.