Орусияда эркектердин түзөтүү колониясында кыз төрөлдү

Орусияда эркектердин түзөтүү колониясында кыз төрөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Новгород облусундагы №7-түзөтүү колониясында күйөөсүнө жолугушууга келген кош бойлуу аялдын толгоосу башталган. Мекеменин кызматкерлери "Тез жардам" чакырышкан, бирок алар жеткиче аял төрөп койгон. Төрөттү аялдын күйөөсү жана түзөтүү мекеменин кызматкерлери кабыл алган.

"Аял кош бойлуулуктун 8-айында экен. Дарыгерлер келгиче ал абактын ичинен төрөп койгон. Кыз 2 килограмм салмакта төрөлүп, бою 43 сантиметрди түзгөн. Көз жарган аял менен ымыркайы дароо төрөт үйүнө жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KAYRATBEK
2019-01-17 17:35:29
Ушулда жанылыкпы?
+8
salimbek87.kg
2019-01-17 17:38:47
KAYRATBEK,жок эскилик.
-10
Li-Li
2019-01-17 17:54:51
Тоже мне новость,темасын окуп кокуй эркек киши торогонбу деп кире калыпмын
+27
deva
2019-01-18 11:18:12
Li-Li,мен дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан