super.kg logo

Аянттагы митингчилер тарады. Эл адамдардын колун кайрып автобуска салып кеткен милицияга нааразы болду (хронология)

 
Митинг соңуна чыгып калган учурдагы аянттын бийиктиктен көрүнүшү.
Митинг соңуна чыгып калган учурдагы аянттын бийиктиктен көрүнүшү.

Бүгүн, 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өтүп жатат. Аянтка чогулгандардын саны болжол менен 200дөй. Алар бийликке жана Жогорку Кеңешке этникалык кыргыздардан башка чет элдиктерге Кыргыз жарандыгын берүүгө мораторий киргизүү, Кыргыз жеринде мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабын коюп жатышат.

11:57. Учурда митингдин уюштуруучулары сүйлөп жатат. Бийлик тараптан эл алдына чыккандар жок. Митингге келгендер "эгер бийлик өкүлдөрүнөн эч ким келбесе, көйгөйдү кимге айтабыз?" деп нааразычылыктарын айтышууда.

12:00. Митингчилер биз көтөрүп чыккан маселе чечилбесе, нааразычылык акцияларын уланта беребиз дешүүдө. Ошондой эле резолюция кабыл алып, Кыргыз жерибизди сактап, укуктарыбызды коргоп бергиле деген сөздөр айтылды.

"Чет өлкөлүк, өзгөчө Кытай жарандарына жер берүүнү, жарандык берүүнү жана документтерин акча алып жасап берүүнү токтоткула! Эл бийликке ишенбей калды. Кыргыз элинде бир гана байлык калды - ал биздин жер", - деди митингдин катышуучусу трибунада.

12:05. Митингчилер калктын саны да артка кетип жатканын белгилеп, калкыбыздын көпчүлүгү мигрант болуп чет өлкөдө жүргөнүнө нааразы болушту. Коңшу мамлекеттердин калкынын саны кескин өсүп, тез өнүгүүнүн жолунда бара жатканын белгилешти. Ошондой эле үй-бүлөлүк, тууган-уруктук жана кландык башкарууга барып калбайлы деген эскертүүлөр болду.

12:08. Митингде ар ким трибунага чыгып алып ар кайсы ойду айта берүүдөн пайда жок. Бийлик өкүлдөрүнөн келип элдин көйгөйүн уксун деген ой айтылууда. Митингчилердин айтымында, бул акцияга өлкөнүн ар бир регионунан бери элдин көйгөйүн айтып, элдин атынан сүйлөө үчүн келгендери айтылды.

12:09. Уюштуруучулардын бири: "Ханды дагы сыйлаш керек. Кайсы бир бийлик бутактарынын өкүлдөрүн, алардын аттарын атап, чагымчылдык иштерди жасабастан сабырдуу жана маданияттуу митинг өткөрөлү", - деген оюн айтты.

12:11. Талаптардын дагы бири аныкталды. Ал паспорттогу алынып салган "улуту" деген белгини калыбына келтирүү. Ошондой эле дагы бир талап - акыркы чыгарылган жаңы мыйзамдар. Жол киренин кымбаттоосу, түкүрүк үчүн салынган 5 500 сомдук айып пулду кайра артка кайтаруу сыяктуу талаптар коюлду.

12:25. Митингдин катышуучуларынын арасында сөз талаш орун алды. Трибунага чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында кен казуу иштеринин кесепетинен экология булганып, айрым айылдар суусуз калганы, калктын саламаттыгына коркунуч жаралып жаткандыгы айтылды. Азырынча эл алдына бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыга элек.

12:55. Борбордук "Ала-Тоо" аянтына митинг уюштурууга 13:00гө чейин гана уруксат берилген. Митингчилер "Элдик көзөмөл" аталышындагы кыймыл түзүүгө белсеништи. Алар WhatsApp аркылуу группа түзүп, ошол жактан сүйлөшүп, талаптардын аткарылышына карата кийинки чараларды кеңешмей болушту. Митинг тароо алдында турганда мурдагы митингде кармалган делген жарандарды чыгаруу талабы коюлуп, аларды аянтка алып келишмейинче жана бийлик өкүлдөрүнөн келмейинче тарабайбыз деп жатышат.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен буга чейинки өткөн митингге катышкандардын 10го чукулу милиция кызматкерлери тарабынан үйлөрүнөн кармалып кеткени айтылгандыктан, аларды бошотуп келүү үчүн митингчилердин 20га чукулу Свердлов жана Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмдөрүнө кетишкен. Азырынча алар чыгарылганы тууралуу маалыматтар келе элек.

13:07. Саат 1ден өткөнүнө карабай эл тарай элек. Митингчилер модератордон 20 мүнөт сурады. Ошондой эле милиция бөлүмүндө кармалып турат делген 10го чукул жаран тууралуу маалымат жок. Митингдин убактысы саат 13:30га чейин созулары айтылды.

13:12. Митингде жаңы кабыл алынган чечим: Эл арасынан 5-6 адам шайланмай болду. Алар аким менен биргеликте Жогорку Кеңештин имаратына барып, элдин үнүн жеткиргени бармакчы. Учурда эл арасынан барчулар шайланууда. Уюштуруучулар митингчилерден тароону өтүндү.

13:25. Учурда эл тарай элек. Алар бийлик өкүлдөрүнө жолугуу үчүн кеткен 5-6 адамды күтүп турмай болушту. Эл арасына милиция кызматкерлери келе баштады. Үн күчөткүчтөр менен тартипти сактоого чакырык жасалды.

13:45. Милиция кызматкери "бүгүн эртең менен эч ким үйүнөн кармалып кеткен эмес" деген маалыматты айтты. Буга чейин белгилүү болгондой, "7-январда уюштурулган митингдин 10 катышуучусун бүгүн эртең менен үйлөрүнөн милиция кармап кетиптир" деген маалыматтар айтылган. Милиция кызматкерлери бул маалыматты четке какты. Натыйжада митингчилер менен милиция өкүлдөрүнүн ортосунда кайым айтышуу орун алды. Митингдеги тартипти көзөмөлдөө үчүн 8 автобус милиция кызматкерлери аянтка келишкен.

13:40. Митингчилердин бири КСДП партиясына мүчөлүгүн тастыктаган партиялык билетин тытууга жана өрттөөгө аракет кылып, майнап чыкпаганда ыргытып жиберди. Ал жаштарга жаңы партия түзүп чыккыла деген сунушун айтты. Бул учурда бүгүн эртең менен мурдагы митингге катышкандыгы үчүн милиция тарабынан кармалды делген 2 адам келди. Бирок алар милиция бөлүмүндө эмне эскертүү болгонун жана эмне себептен кармалып кайра бошотулганы тууралуу пикирлерин айтышкан жок.

14:30. Митингчилердин арасына бүгүн эртең менен милиция тарабынан кармалды делгендердин бири келип, "милиция бизге эч нерсе деген жок, аларга коопсуздукту сактап берип жатышканы үчүн рахмат" деди. Бийлик өкүлдөрүнө жолугуу үчүн кеткен 5 өкүл аянтка кайтып келе элек. Маалыматтар боюнча алар Жогорку Кеңештин төрагасына жолугуу үчүн кезек күтүп турушат.

14:40. Митингге чыккандардын айрымдары Ак Үйгө барууга аракет кылышууда. Аларды башка митингчилер жана милиция кызматкерлери алдын тосуп чыгып токтотуп калышты. Митингдин катышуучусу Жыргалбек Сагындыковдун айтымында, эл арасынан шайланган 5 адам Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго кирип кетишти.

15:07. "Депутаттарды биз шайлайбыз. Эмнеге бизге митинг өткөрүүгө чек коюп жатат? Андан көрө биз бийликке бир саат убакыт берели келишсин. Келбесе биз өзүбүз басып баралы" дешти. Бул сөзгө көпчүлүгү макул болду.

15:10. Жогорку Кеңешке кирип кеткен 5 адам аянтка кайтып келди. Алар вице-спикерге жолугуп кайтканын айтышты. Беш адам элдин маселесин чечип беребиз деген эл өкүлдөрүнүн билдирүүсүн үн күчөткүчтөр менен айтып жатканда, эл аларды укпай койду. Алар өз ойлорун аягына чейин айтууга мүмкүн болгон жок. Эл бийликтегилер аянтка чыксын деп кыйкырып жатышат.

15:17. Митингчилер 5 кишинин маселени чече албай чыкканына нааразы болушту. Аларды Жогорку Кеңештин ичинен алдап кетирип жиберишти деп кыйкырып жатышат. Учурда жок дегенде 3 депутат чыгып элдин мүдөөсүн уксун деген кыйкырык-сүрөөндөр чыгууда. Эл бирин-бири уккан жок. Трибунада жүйөлүү чечимди же алдыда кандай аракеттерге баруу керектигин азырынча айткан киши жок.

15:30. Эл ызы-чуу болуп, Ак Үй тарапка агыла баштады. Милиция кызматкерлери тартип бузгандарды четинен кармай баштады. Митингчилердин аягы акырындан суюла баштады.

15:41. Милиция 2 автобус толо кишини кармап аянттан алып кетти. Калгандары акырындап тарай баштады. Бирин-серин гана адамдар калбаса топтошкон эл калган жок.

15:53. Аянтта калган бирин-серин эл милицияга нааразычылыгын айтууда. Алар тартип бузбаган, жөн эле турган адамдардын колун кайрып, 3 автобуска толтуруп салып кетти дешүүдө.

Борбордук аянтта митинг (1-БӨЛҮК)

Борбордук аянтта митинг (2-БӨЛҮК)


кошулду


Кытай жарандарынын өлкөгө киришине каршы чыккан митингчилерди милиция аянттан кууп чыкты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

Бишкекте митингге чыккандарды милиция кармап кетти

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

Кытай жарандарынын келишине каршы миңге жакын жаран митингге чыкты

Автор: Айпери Ганыжан кызы

Борбордук аянтта өткөн митингде милиция тарабынан кармалгандар чыгарылды

Автор: Илим Туратбек уулу, Алтынай Тынышова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу, Мундуз Нурланбек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(47)
17.01.2019. 12:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
08-02-2019 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-28
Кытай границасын жапса Кыргызстан канча кун жашай алат болду экен.
17.01.2019. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
955
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
18-02-2019 12:18
Жынысы:
Белгисиз
+25
i1urp,Ач отур,тынч отур!
17.01.2019. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
17-02-2019 09:42
Жынысы:
Белгисиз
+16
i1urp,сен кысчу жеринди кысчы
17.01.2019. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
19-08-2018
Соӊку аракети:
15-02-2019 14:11
Жынысы:
Белгисиз
-13
i1urp,
Кытай границасын жапса, Кыргызстандын жарымы 2 жылдан кийин Россияга кочуп кетиши мумкун.
18.01.2019. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
493
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
18-02-2019 17:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамды бузгандар жазалансын! 500 киши чыгып максаты жок кыйкырып тополон сала баштаса таратпай карап отуруш керек беле качан магазиндерди талкалап жиберет деп
17.01.2019. 13:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 18:07
Жынысы:
Белгисиз
+7
i1urp, Россия бар!
17.01.2019. 14:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
399
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
+9
i1urp, биз баардык кытайлардын кууп чыксак да Кытай чек араны жаппайт. Себеби кытай үчүн товар сатыш пайдалуу. Бизге виза бербей кыйнаганы эле болбосо товар бизге керек. Бирок кытайларды кууп чыгыш керек жээндерди кошуп
17.01.2019. 14:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
08-02-2019 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-2
Take_men,
Кытай границасын жапса Дордой, Аламедин, Кара сууга окшогон чон базарларда иштегендер жумушсуз калышары талашсыз. Ошондо коробуз ушул митингчилер ошол базарчыларга кантип жумуш таап беришеер экен.
17.01.2019. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:11
Жынысы:
Белгисиз
-1
i1urp,кытайдан башка олколорда бар...
17.01.2019. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
20-11-2017
Соӊку аракети:
18-02-2019 21:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Take_men,жээндер кимдер [moderated]лерби
17.01.2019. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
399
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
0
uli1234, атасы кытай апасы кыргыз болсо жээн болот
17.01.2019. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
342
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
16-02-2019 22:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
+6
i1urp, Кытайсыз кыйналсак да келечегибиз таза болот. Ошону ойлобой кунумдук курсагынын камын ойлогон ХХХХХ элдин тубуно жетет да. Сен озунду Кыргызмын деп эсептейсинби? Кытайдагы кысым коруп аткан боордошторубузга ичин куйбойбу же??
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-17 15:37:59
17.01.2019. 16:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
04-10-2011
Соӊку аракети:
18-02-2019 23:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
i1urp, ушул кандай адам билбей койдум баарына эле каршы.
17.01.2019. 16:25 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 04:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
talas0707,айланайындар кытай кыргызстан эмес эле дуйно бут жузун каптап кетишкен африканын жарымын басып алышты, еворапы каптап кетишкен магазин бар табактын ресторан кафенин баарын кытайлар иштетишет иштетишет, Россиянарды четинен талкалап келатышатго уссурийск жакты токойлордун баарын кыйып сатышып , а кытайлардын озундо бир да тал кыйбагыла деген закону бар экен озулорунукун кыйбайт, ананда кытайлардан мындай интеграция ар бир кытай жаараны башка мамлекеттке мигранты болуп кетсе мамлекети
17.01.2019. 16:43 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 04:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Avrora2017,мамлекети аларга акча толоп берет ошол жерден объект сатып алып иштетип и дальше размножаться, кытайлар мусульман мигрантардай эмес жарым жыланач ачка европага качып келип атышкан же африканецтер океан менен кичинекей кемеге 100 200 киши отуруп алышып сузуп откон, аларда европага агылышат самсаалашып, кееде чогуп да кетишет бечаралар кемелери конторулуп кетип, так что кытайлар абдан эле кучтуу биз учун, чыгара алышпайт биздин жерде иштеп жургон кытайларды
17.01.2019. 17:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 20:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
i1urp,Ырыскыны беруучу жалгыз Аллах кытай эмес
17.01.2019. 20:41 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 04:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооа аллах берет ))))
17.01.2019. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
423
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:14
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кытай дуйнону каптайт деп илгертеден бери айтылып келе жатат.кудай жакшылыгынан берсин.
17.01.2019. 13:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
19-08-2018
Соӊку аракети:
15-02-2019 14:11
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул жерде болгону 50-100 адам эле ызы чуу салып жатышат. Калгандары жон эле ары бери отуп жаткандар. Кыргыз экономикасы Россия Кытай Казакстанга коз каранды.
Kairat1996 түзөттү 2019-01-17 13:54:09
17.01.2019. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
02-07-2011
Соӊку аракети:
18-02-2019 20:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Grajdanstvo algan kitaylardy grajdanstvodon chygaryp mulkun mamleketke otkoruw kerek. Owondo tuwunot je kitayga bara albayt je kyrgyztanda kala albay kalat.kiyinki kitay oylonup grajdanstvo alat.
17.01.2019. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
237
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
18-02-2019 00:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан Коро айып пулду арзандатпайсынарбы
17.01.2019. 14:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
30-07-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 18:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kyrgyzstan
-3
Андан башка Нак Кыргыздар еле жетиштуу, Сен Азамат, биринчи озунду ондочуу жон еле чачыла бербей, ал Масалени Сенден Кыйындар чечет, ал Россиянын жараны болсо ал дакта еле болгонуу жакшы, аны коруп бул жактан Биз оссобуз,)) Сен Азамат оз ордунду бил!!!
17.01.2019. 14:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:31
Жынысы:
Белгисиз
-8
Чыкпагыла кыргыздар, кытайлар каптаган жок бул жон эле провокация
17.01.2019. 14:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:31
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ызы чуу кылып жаткандар акмактар
17.01.2019. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 12:20
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ооба Кытай бизге кызыкпайт деле жон эле журолу кыргызым Кытай бизде эле жургон жоооок
17.01.2019. 15:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
01-07-2016
Соӊку аракети:
17-02-2019 17:33
Жынысы:
Белгисиз
-3
Элдер жон еле барышты бари бир еч ким укпайт елдин унун тынчылык еле болсун башка бийлик келсе деле озгору болбойт
17.01.2019. 15:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
666
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
18-02-2019 20:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элдин талабы туура
17.01.2019. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:44
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мени кармап алайын деди
17.01.2019. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
436
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде митингге чыккандардын эмнеге чыкканын өздөрү дагы билишпейтго.
17.01.2019. 15:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1566
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
18-02-2019 21:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдарды салып жаткан автобусту тартып алгыла.
17.01.2019. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
13-02-2019 22:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Монгольская империя
0
Псевдопатриоттор! Милиция ишке киришкенден кийин, *ычып койдунарго!!!
17.01.2019. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
13-03-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 05:55
Жынысы:
Белгисиз
+3
Отура бергиле качан кытай келип тийгизгенле ойгонгула
17.01.2019. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
23-12-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 20:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок кылыш керек кытайларды бизде мыйзам карапайым эЛге гана иштейт Абаны ууландырган кытайлар
17.01.2019. 15:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каяктагы 200 адам,бул жерде как минимум 1000дей киши бар.
17.01.2019. 16:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
12-03-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э ХХХХ Эртен кытай чындап туура эмес мамиле болчу болсо айтасынар окмот каякты карап атат антик минттик кокуй кыйналдык чек арада товар келбей калды деп кысыыып отурсанар силердин ишинер только суйлош башка Эчнерсе келбейт колунардан ошол озунорчо патриот болуп суйлоп да зыян берип атасынар оюнду уюштурган адам жатат жыргап хан сарайда
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-17 16:12:38
17.01.2019. 16:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+5

Кылтылдап кирер койнуңа,
Кылтагын илер мойнуңа.
Кызыкпа, журтум, кызыкпа,
Кытайдын кытмыр ойнуна.

Ашың жок болсо, ачка бол,
Алдыңдан изде башка жол.
Алданбай кара курсакка,
Ачылбай турган капка бол.

Кытайдын айттык баянын,
Кылыгын журтка жаямын.
Кылычсыз калбай кырылып,
Кылымдын көргүн аягын.
Кыргызым уккун ойгонуп,
Кызырдын берген аянын.
 
Калыгул Бай уулу.
17.01.2019. 16:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
01-07-2016
Соӊку аракети:
17-02-2019 17:33
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мындан жуз жыл мурун кытайга качпадык беле еми дагы ошондой жагдай болсо кайака качабыз
Super TV
17.01.2019. 17:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
05-07-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Чиновниктерге жогорку жактагыларга Кыргызстандын тагдыры бир тыйын,Кыргыз элим кытайды жолотпогула!
17.01.2019. 17:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 13:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
250ж мурун Калыгул Бай уулу насаат кылып кеткен кытайдан алыс бол деп бул бийлик акча үчүн сатылган ХХХХ акмак саткын менттер ХХХХХ айырмасы жок акча үчүн өз элин кордойт шымдарын чечип көйнөк кийип эле алышсын
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-17 17:23:34
17.01.2019. 22:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
05-04-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
0
шахрухтун базигар деген киносу эске келди атамбаев жээнбековго бийликти откоруп бергендегиси
18.01.2019. 00:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
13-12-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 00:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан,Талас
-1
кытай гранитцасын жапса жаны жашоо башталат таза таварлар менен таза тамактар менен таза кийимдер менен элдер таза жыт менен жашайт швоо колонсо деген жыттар жоголот кыргызым таза болуп онолот буйруза ошол кун келет умут кылып аракет кылалы кыргызым
18.01.2019. 03:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
24-04-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен элдин талабын колдойм.Саны бар сапаты жок депутаттар кереги жок !!!
18.01.2019. 03:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
09-02-2019 02:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Митинг кылса нармалный митинг кылбайбы кичине адамга окшоп кыйкырып окуруп ак уйго жугурбой ак уйго жетселе неболот элдин озундо да гуноонун баары бекеринен атып олтургонмесда Бакиевдер да. Бийликти эчким тополон тоз менен жене албайт буну эсинен чыгарбаш керек.
18.01.2019. 03:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
05-07-2015
Соӊку аракети:
29-01-2019 02:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын тынч эле бололуго бирок бир созда туугандарым эмне видео камералар иштеп турат а неге оз элимди оздору тарттат камераны ыргыт журок барбы элге куйобу эл менен чогуу болсун. Туура алардын иши бирок чеги менен болуш керекта кыргыз элим суранам тынч эле бололучу эгер уруш болсода бирок элге кыйында буларга бари бир
18.01.2019. 03:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
09-02-2019 02:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эле болсун Кыргызстан эгер кытайдын президенти укса 60мунотто тепселеп чыгып кететгоо.
Super TV
20.01.2019. 09:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
25-04-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 20:08
Жынысы:
Белгисиз
0
кытайдын чек араны жапса боор оорулар азайат буйруса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122423;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: