Бишкекте митингге келгендердин саны өсүүдө.
Бүгүн, 17-январда Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүүдө. Митинг башталган учурда болжолдуу түрдө 200гө чукул эл чогулган болсо, учурда алардын катарына келип кошулуп жаткандардын саны өсүүдө. Тактап айтканда, учурда жалпы 300дөн ашык эл чогулду.
Бүгүн эртең менен буга чейинки өткөн митингге катышкандардын 10го чукулу милиция кызматкерлери тарабынан үйлөрүнөн кармалып кеткени айтылгандыктан, аларды бошотуп келүү үчүн митингчилердин 20га чукулу Свердлов жана Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмдөрүнө кетишти.
Митингге чыккандар Жогорку Кеңеш этникалык кыргыздардан башка чет элдиктерге кыргыз жарандыгын берүүгө мораторий киргизүү, Кыргыз жеринде мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабын коюп жатышат.