"Түкүрүү боюнча айып пул салына элек, эскертүүлөр гана берилди" дейт ички иштер министринин орун басары

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков канча адам түкүрүп, мындан өкмөт канча каражат түшүргөнүн сурады.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов түкүрүк боюнча айып пул салынбаганын айтты. "Түкүрүк боюнча бир сом да айып пул салына элек, эскертүү гана болуп жатат. Биздин максат - акча түшүрүү эмес, коомдук жайларда тартип орнотуу. Жалпы 2319 эреже бузуу катталган, анын ичинен 1090 жаранга эскертүү берилген, 1229 бузуучуларга жалпы 4 миллион 36 миң сом айып пул салынган. Ал эми түкүрүк боюнча айып пул салына элек", - деди Курсан Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabaev
2019-01-18 14:07:00
Тартипти селер отурган ак уй кок уй боз уйдон баштагыла биринчи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан