Жогорку Кеңеште жаңы кодекстер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселени кароо кийинкиге жылдырылды

Жогорку Кеңеште жаңы кодекстер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселени кароо кийинкиге жылдырылды. Мындай чечим бүгүн, 17-январда парламент жыйынында кабыл алынды.

Буга вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жыйындан суранып кеткени себеп болду. Ал 16:00дө Москвага уча турганын айтып, депутаттардан уруксат сурады. Разаков эртең Москвада ЕАЭБ алкагында жыйын өтө турганын айтты.

Депутаттар "Жеңиш Разаков жок, кимге суроо беребиз?" деп бул маселени кийинки жумада кароону чечишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан