Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова быйыл кытай жарандарына Кыргыз мамлекетинде иштөө үчүн 16 490 квота каралганын, анын ичинде 9000 квота кытай улутундагы адамдарга берилгенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"2017-2018-жылдары 7413 адам Кыргыз жарандыгын алган. 2017-жылы 4793 адам, 2018-жылы 2620 адам. Акыркы 9 жыл аралыгында Кытайдын 352 жараны Кыргыз жарандыгына ээ болгон. Анын ичинде 171 адам этникалык кыргыздар, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай. Ал эми акыркы 8 жылда 17 669 Кыргыз жараны чет өлкөлүк адамдар менен никеге турган, анын ичинде 60 Кытай жараны бар”, - деди ал.
Учурда жыйында миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.