Депутат Тиллаев: "Өкмөт өрт өчүрүүчүлөрдүн ролун аткарып, көйгөй көтөрүлүп баштаганда өчүргөнгө аракет жасап жатат"

"Өкмөт өрт өчүрүүчүлөрдүн ролун аткарып, көйгөй көтөрүлүп баштаганда өчүргөнгө аракет жасап жатат", - деп бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Таабалды Тиллаев билдирди.

Депутат эки ай мурун сырттан келген жарандардын саны 100 миңден ашып баратканын айтканын белгиледи. "Ашырбек Мойдунович, (ред. өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү) мен сизге 2 ай мурун сырттан келген жарандардын саны 100 миңден ашты деп кайрылгам. Ошондо силер "баары сонун" деп айттыңар эле. Элде көйгөйлөр көтөрүлүп жатат. Бүгүн эле митинг болгон жок да. Түшүндүрүү иштерин жеткирсеңиздер жакшы болмок. Миграция кызматын эмне кылганда күчтөп чыгарабыз?" - деди Тиллаев.

Учурда жыйында миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан