Депутат Карамат Орозова Мамлекеттик миграция кызматы менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин бириктирүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Өткөн жылдан бери ушуну сунуштап жатам. Бул боюнча өкмөттүн ой-пикири кандай? Миграция - бул чоң маселе. Мигранттар аймактардан кетип жатат. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек эле. Бирок Миграция кызматынын аймактарда бөлүмдөрү жок”, - деди ал.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөттүн түзүмү каралып жатканын билдирди.
Учурда жыйында миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.