SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эрте турмушка чыкканыма өкүнөм" деген тема талкууга алынган.
Автор: "2008-жылы мектепти аяктап, жогорку окуу жайына тапшырам деп жүргөн убакта айылдаш бала үйүмдүн терезесин сындырып кирип, ала качып кетти. Туугандарым мени "жашай аласыңбы, көңүлүң барбы деп сурап да койгон жок. Ошентип ала качып барган үйгө отуруп калдым. Кайненем мени көп жактырган жок. Себеби уулуна өзү жактырган кызды алып берели дешсе, ага башкалар куда түшүп кетишкен экен. Анан уулу ал кызга өчөшүп мени ала качкан экен. Үйлөнүү тоюбуз деле мен каалагандай болгон жок. 4 кайын сиңдим, бир кайнагам менен бир үйдө турмуш кечире баштадым. Күндө кир жуумай, нан бышырмай. Бара-бара уруш чыга баштады. Мени кайын журтумдун алдында күйөөм жаман сөздөрдү айта бергендиктен ортодо сый кетти. Акыркы кездери жолдошумдун колу да тие баштады. Ошентип жүрүп 6 ай жашоо кечирдим. Боюмда да болгон жок. Акыры болгон уруштан кийин туугандарыма барып келем деген шылтоо менен үйдөн кетип калдым. Туугандарыма барып, жашай албай турганымды айтып, шаарга келе бердим. Андан кийин ата-энеме Москва шаарына келдим", - деген билдирүүнү калтырган.
Темадагы билдирүүлөр:
"Жүрөгүм ооруп, тамагым буулуп араң окудум. Кандай гана жашоо болбосун, зөөкүр, мээрими жок адамдар бар. Бактылуу болуңуз".
"Башыңыздан оор тагдыр өтүптүр. Мындан ары жакшы жашоодо жашаңыз. Жаш кезиңизде сизди пайдаланып кеткен адамдарга таң калдым. Түгөйлөр баш кошкондон кийин шарт болуусу керек. Батирде жашап, балалуу болуп, турмуш-шартка байланыштуу ар кимге баланы таштоо өзү да туура эмес. Ошондуктан алынын жетишине карап үйлөнүп, билим алып турмушка чыккан жакшы".
"Негизи турмушка эрте чыкпаш керек окшойт. Мен да 19 жашымда үй-бүлө кургам. Азыр чындап өкүнөм. Жолдошум жакшы, бирок мага көңүлү жоктой болуп баратат. Ажырашып кетейин десем мен аны жакшы көрөт экенмин, ансыз жашай албайм. Менчелик сүйүп жашаса кана деп жашап келем".
"Эрте тийип алганыңа өкүнбөй деле койсоң болот. Муну деген тагдыр деп коёт. Тагдырдын жазмышынан эч ким качып кутула албайт. Баары Жараткандын буйругу".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.