Миңден ашуун Кытай жаранына жашап турууга укук берген бир да жетекчи жоопко тартылган эместигин 17-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
"Бул маселени кароого буга чейинки болгон жана бүгүн улантылган митинг себеп болду. Бул маселенин чыгышына ишке уруксат берүүчү кагаздарды алуудагы укук коргоо органдарындагы коррупция себеп болууда. Мисалы, чет өлкөлүк келсе анын мыйзамсыз жүргөнүн билишет, бирок депортация кылбастан андан акча алып жүрө беришет. Буга чейин деле бул маселелер болгон. "Кырк Чоро" уюму кытайлардын мейманкана, сауналарын кыдырган окуя болгон. Кандайдыр бир чара көрүлдүбү? Жок, анын баары видео бойдон кала берди. Бул жаатта көп маселелер айтылып келет, бирок чечилген жок. 2-3 жылдан бери бул маселени көтөрүп келем, бирок миңден ашуун Кытай жаранына жашап турууга укук берген бир да жетекчи жоопко тартылган эмес. Эгер Орусияда Кыргыз жарандары ушинтип мыйзам бузуп жүрсө, эчак эле куулуп чыкмак", - деди Бокоев.