Кечээ, 16-январда депутат
Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү
Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп
сынга алган. Вице-спикер
Мирлан Бакиров бул сындан кийин "бул жер базарбы?" деп Тынысовду жыйындан чыгарып салган.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин жасай турган жумушу чиновниктерди дресс-коддон өткөрүүбү?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.

Ал Жогорку Кеңешке келген адамды "эмнеге жылмайып жатасың? Классикалык стилде кийинип келбептирсиң" деп залдан кууп чыгарган окуялар арбыганын айтты.
“Кечээ Жогорку Кеңеште болгон көрүнүш күндөн-күнгө кайталанып жатат. Депутаттар өздөрү комитеттердин же депутаттык комиссиялардын жыйындарына кантип келгенин караса жакшы болмок. Бул киши костюмчан келсе, ал жерде футболка кийген депутаттар отурушат. Өздөрүнө өздөрү мамлекеттик наам беришип, бирок чыныгы мамлекетке керектүү, маанилүү суроолорго келгенде үн чыгарышпайт. Бирөө дагы өкмөттөн эмнеге экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп жатат? Коомдогу нааразычылыктар эмнеден улам көп болууда? Ошондой эле социалдык тармакты жетектеген министрден “эмне үчүн балдар көп зомбулукка учурап жатат?” деп сураган бир дагы депутат жок. Эл өкүлдөрү ким, кандай кийинип келгенин сындабастан, өздөрүнүн мыйзам чыгаруу функциясы эмнеге начарлап кеткенине саресеп салышы керек. Ошону менен катар эмнеге алар кабыл алган мыйзамдарда чоң каталар кетип жатканын, эмне үчүн текшерүү иштерин толук аткара албай, эң алсыз парламент катары тарыхка кирип жатканын ойлонушу зарыл”, - деди Акылбек.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Динара Ошурахунова, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, журналист Дмитрий Ложников, жарандык активист Айбек Мырза, активист Улан Үсөйүн жана медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири бул шилтемеде.