Укук коргоочу мындай окуялар көп эле жолу кайталанганын билдирди.
“Жогорку Кеңеште кечээ болгон окуя чоң резонанс жаратып, карапайым калкты нааразы кылды. Келген адамдардын кийимине тийишип, сырткы кебетесин басмырлап, эч кандай жашоону жакшыртууга аракет жасабай жатышат деген нааразычылык чыкты. Бул кечээ болгон окуядан кийин башталган жок. Ооба, дресс-код болушу керек, бирок элдин баары ал жакка ич кийимчен же халатчан барып жаткан жок да. Ал жерге элдер маселени чечүү максатында кайрылышат. Сырткы келбетке эмес, ал адам айтып келген маселеге көңүл буруу зарыл. Акыркы учурларда кийим-кече парламентке кирүүгө тоскоолдуктарды жаратып калды, демек, аны жокко чыгаруу эле туура”, - дейт Ошурахунова.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, журналист Дмитрий Ложников, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева, жарандык активист Айбек Мырза, активист Улан Үсөйүн жана медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири бул шилтемеде.