“Уяттуу иш. Бири айылдан келет, бири шаардан келет да. Ар кандай кийим-кече кийип келишет. Анан аларды дресс-код менен өткөрүү такыр туура эмес. Биринчиден, бул карапайым элди кыйноо. Экинчиден, элден алыстоо. Үчүнчүдөн, өздөрүнүн статусун каста катары көргөнү туура эмес. Өздөрүн аябай бийик көрсөткүсү келгенин байкадым. Мен да бир жолу Жогорку Кеңешке чакырылып калдым. Жакшынакай эле классикалык стилде кийинип жүргөм. Бирок шымым жынсы болгондуктан киргизбей коюп, ыңгайсыз абалда калгам.
Жогорку Кеңештин курамы ушундай начар болгону өкүндүрөт. Элдин турмушун оңдой турган, экономиканы көтөрө турган мыйзам долбоорлорун, өкмөттү курагандын, жакшы кадрларды бекиткендин ордуна пас деңгээлге түшүп кетти. Жогорку Кеңеш “сен эмнеге мындай кийинип келдиң? Эмнеге кыйшык карап койдуң? Сен катуу кыйкырып койдуң” деген маселелерди көтөрүп, элди талкуулап жатканы өкүндүрөт.
Ал эсепчинин да кадыр-баркына шек келтиришти. Коомчулуктун көзүнчө улгайган эле кишини уяткаргандары туура эмес көрүнүш. Ал да бирөөнүн атасы, куда-сөөгү бар, такыр эле туура эмес кийинип барган болсо эскертүү менен деле чектелишсе болмок. Өзүнчө чыгарып алып, “сиз туура эмес кийинип келиптирсиз” деп айтса деле болмок да”, - дейт ал.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Динара Ошурахунова, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, журналист Дмитрий Ложников, активист Улан Үсөйүн жана медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири бул шилтемеде.