Кечээ, 16-январда депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Вице-спикер Мирлан Бакиров бул сындан кийин "бул жер базарбы?" деп Тынысовду жыйындан чыгарып салган.
Ал өз сөзүндө сылык түрдө чечсе болорун айтты.
"Мамлекеттик кызматкердин этикасы деген түшүнүк бар, дресс-код - анын маанилүү бөлүгү. Протокол, дипломатиялык этикет деген да нерселер бар. Дресс-код мамлекеттик кызматкердин этикетине кирет. Ак Үйдө аппаратта иштеп жүргөндө жай мезгилинде аба ырайы өтө ысык болгон учурда гана галстук тагынбоого уруксат берилчү. А башка мезгилдерде галстук дайыма тагынып жүрүү талабы бар. Мамлекеттик кызматкерлерге кийинүүдө талаптар сөзсүз болот. Дин чөйрөсү болобу, светтик, дипломатиялык, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө болобу дресс-код бар. Кайсы чөйрө болсо да өзүнүн уставы менен баруу керек.
Кызуу талкууга алынган адамды айыптагым келбейт. Негизги айта турчу нерсе, мамлекеттик кызматтагыларды Жогорку Кеңешке күтүүсүз жерден чакыра беришет. Ал адам деле күтүүсүз барып калган, аны да түшүнүү менен кароо зарыл эле. Адамдын аброюн сыйлоо кажет. Кемчилиги болсо колдон келсе жашырган оң. Коррупцияга жол ачып, жеп жатса ачык айтуу зарыл. Төшүмдө “значогум”, мандатым бар деп орой түрдө айткандарына кошулбайм, ал адамдын да туугандары, достору бар, аны да сыйлоо керек”, - дейт Кадырбеков.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева, укук коргоочу Динара Ошурахунова, журналист Дмитрий Ложников, жарандык активист Айбек Мырза, активист Улан Үсөйүн жана медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири бул шилтемеде.