Нурмат Садыров “Кичинекейим менин” аттуу ыр чыгарды
Ырчы Нурмат Садыров “Кичинекейим менин” аттуу ыр
чыгарды. Ырдын сөзү аткаруучуга таандык болсо, обонун Нияз Абдыразаков жазган. “Байкасам,
ырларымдын көбү кайгылуу экен, шаңдуу ыр жазсам деген ой бар болчу. Бир күнү
дүкөнгө кирсем жакшынакай жаш кыз отуруптур, ошол жерден ырдын алгачкы саптары пайда
болду. Ал кыз менен таанышып, жактыруу сезими пайда болуп, ушул ырды жараттым”,-
деди ырчы. Ошондой эле Нурмат бул ырга клип тартылбай тургандыгын билдирди. “Дагы
бир жаңы ыр жазып жаткам, буюрса, ошол ырга клип тарттырам”,- деди ырчы
мырза.