Бишкекте күч менен таратылган митингден сүрөттөр

Бүгүн, 17-январда Бишкекте мыйзамсыз миграция маселесине байланышкан митинг өттү. Митингдин башталышында 200гө жетпеген киши чогулса, 5 саат аралыгында алардын саны миңге чукулдады.

Алар алгач бийликке жана Жогорку Кеңешке этникалык кыргыздардан башка чет элдиктерге Кыргыз жарандыгын берүүгө мораторий киргизүү, Кыргыз жеринде мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабын коюп башташкан. Бирок чогулгандар сүйлөгөндөн кийин талаптардын тизмеси кеңейтилди. Андан кийин коюлган талаптар боюнча 5 адамдан турган топ Жогорку Кеңешке кирип, вице-спикер Мирлан Бакиров менен жолугушуп чыгышты.

Тилекке каршы, Жогорку Кеңешке кирип чыккандардын алып чыккан жообуна анда тургандар канааттанбай, "Ак Үйгө барабыз" деп чуу чыгарышты. Коомдук коопсуздукту камсыз кылып турган милиция кызматкерлери алардын айрымдарын кармап, калгандарын таратып жиберди.

Кармалгандардын саны 21ге жетип, алар Биринчи Май райондук милиция бөлүмүндө 4 саатка чукул убакыт болушту. Ар бири түшүнүк кат жазып, толтурулган токтомдун негизинде 3 миң сомдон айып төлөөгө милдеттендирилди.

Милиция менен митингчилердин ортосунда түшүнбөстүк чыкты
Аянттагы митингдин бийиктиктен көрүнүшү 17.01.2019.
Митингге чыккандар күчкө салып кармалды
Митингде милиция тарабынан кармалгандардын бири
Митингде кармалган жаран чыкты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Almaz-Tokuev
2019-01-17 22:10:16
Жеп жутарлар элдин унун уксу да келбейт аларга болгон нерсени кытайга сатып анан оздору акырында качып же оруп калып кутулушат.
+5
elchi84
2019-01-18 08:16:34
Эми эле депутаттык шайлоо келе жатат ошондо да силер чакырса уйунордон чыкпай койгула депутаттарга.
+1
Ulantay
2019-01-18 10:38:36
Бизде чыкпайт го дайым эле бийликтегилер,көнүк адат. Милицияны зордуктап кармашты деген деле туура эмес,алар деле приказ аткарат. Тем более мэрия саат 13:00гө чейин уруксат беришсе,тарашыш керек болчу законду сыйлаганды билишсе митингчилер!!! А так бийликтегилер чыкпаганы өздөрүнүн шайлоочуларын сыйлабаганы,это уже отдельная тема!!!
-3
ruslanz
2019-01-18 10:45:52
Унду укканда эмне кылыш керек эле,кытайга согуш ачыш керекби? Кытайлар каптап атат бир эле бизди эмес,океандын ары жагын дагы каптап атат.Башка маселе калбай калнансып.
-3
ruslanz
2019-01-18 11:05:35
Кыргыздар деле Москвада озунун айылында жургондой эле кутуруп журушпойбу.Муну "глобализация"дейт,мындан качып кутула албайбыз.
-3
talgatbek87
2019-01-18 12:05:19
Туура кылат закон баарына бирдей эшек жайлоодо жургондой бийликтен умуттонбой тиргилигинерди кылгылада ары
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан