АКШнын Ак Үйү Давосто өтө турган Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга барбайт

АКШнын Ак Үйү Давосто боло турган Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга барышпайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ак Үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерстин айтуусунда, форумга барууда 800 миң америкалык жумушчу айлык акысын ала албай калат.
"Ошол себептен АКШ президенти Дональд Трамп Давосто өтө турган Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга бара туган делегациясынын иш сапарын токтотту. Ал жакка баруудан баш тартып, өзүнүн командасына колдоо көрсөтөрүн айтты", - дейт катчы.
Мурда эле Трамп форумга барбай турганын билдирген. Ага Мексика менен чек ара куруудагы демократ лидерлери менен бир пикирде эмес экени себеп болгон.
"Мексика менен чек ара дубалын курууда Конгресстеги демократ лидерлери менен көз карашыбыз туура келбейт. Ошондуктан мен Давосто өтө турган дүйнөлүк экономикалык форумга катышпайм. Ал эми уюштуруучулардан кечирим сурайм", - деген АКШ лидери.
Мындан тышкары Франциянын президенти Эммануэль Макрон да аталган форумга барбай турганын кабарлаган. Ал жумушунун көптүгү себеп экенин айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан