Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 1 саат аралыгында жана кечинде болжол менен ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал жүрөт. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.
"Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 1 саат аралыгында жана кечинде болжол менен ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн", - деп билдирет маалымат кызматы.
Катуу шамалга байланыштуу министрлик шаар тургундарын сак болууга чакырат.
Бофорттун шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.