"Түндүк Электр" ишканасы 21-январда Бишкек шаарындагы 4100 керектөөчүнүн жарыгын өчүрөт

21-январда "Түндүк Электр" ААКсы Бишкек шаарындагы 4100 керектөөчүнүн электр жарыгын төлөмдөрдү учурунда жүргүзбөгөнү үчүн өчүрөт. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы таратты. Анда белгилүү болгондой, 7,1 миллион сомдук төлөмдөр учурунда аткарылган эмес.

"Турмуш-тиричиликте ыңгайсыздыктар жаралбашы үчүн абоненттерге электр жарыгына болгон төлөмдөрдү өз учурунда жүргүзүп турууну эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Керектөөчүлөр учурунда акча төлөбөсө, дистанциондук (автоматтык түрдө) өчүрүү орун алат. Төлөм аткарылгандан кийин электр энергиясы кайрадан берилет деп кошумчаланат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TalaCSKA
2019-01-18 16:56:26
Электроэнергияны кредитке же рассрочкага колдонгондой кылып койсо болмок экен мумкунчулук болгондо тологондой.бирок кайдан кечиктирсе пениясы менен келет анысын да толошун керек вобщем жакпайт электроэнергияга толом шарты тим эле канынды ичип алышатко акчасын.
+3
Bishkek_312
2019-01-18 19:44:04
Толобогондор Бут эле чиновниктер крышалары барлар жонокой Эл убагында толоп калган Бир кун кечиксе очуруп койуп жатышып.
+4
Takesha87
2019-01-21 11:20:15
Кыргызстанда электр энергиянын оздук баасы канча бир тыйын менен чыгат. Ортодогу кайдагы ЭнергоХолдинг тузуп алып элге кымбат сатууда. Бул акча чондордун эле бизнеси болуп калды. ЭнергоХолдингди жоюп салып эле Энергетика министрлиги кылып туруп элге арзаныраак кылса ырас болот эле
+3
Kattaldym
2019-01-21 11:45:38
Жок дегенде бугун коё турсанар болмок. Футбол бар эле. Кыргызстан - БАЭ...
+3
Farra16gsin
2019-01-21 13:06:47
Супер силер өзүңөр мезгилден артта калгансыңарго Бишкекте светти элге айтпайле төлөбөсөң акылдуу счетчик өзүле өчүрөт эсаертүүсү жок кайсыл жер экен билип анан жазбайсыңарбы кайсы райондо акылдуу счетчик жок экенин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан